12-мартта БУУнун моделинин финалында элчи Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Кант, Каракол, Нарын, Ош жана Талас облустарынан келген 50дөн ашык катышуучуларды сыйлады. Белгилей кетсек Баткен мамлекеттик университетинен 5 студент аталган таймашка катышып татыктуу жана сыймыктуу сертификаттарды, белектерди алып келишти. Катышуучулар таза абаны өнүктүрүүгө арналган дипломатиялык симуляцияларга катышты. Дүйнө жүзү боюнча адам укугу бул Глобалдык аракет үчүн жаш делегаттар демилгеси жаштарды эл аралык дипломатияга тартууга жана талаш-тартыш жана командалык иштөө аркылуу көйгөйлөрдү чечүүгө шыктандырууга багытталган. Катышуучулар элчилик күбөлүктөрүн алышып, мамлекеттик түзүмдөр менен таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып чыгышты.