13-февраль 2019, БатМУнун ЧАЗында Афган согушунун 30 жылдыгына карата Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болуп өттү. Анда БатМУнун профессордук окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. БатМУда көп жылдан бери эмгектенип кележаткан Темиров Рахман агай БатМУнун атайын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Жолугушуу учурунда Афган согушунун ардагерлери согуш учурунда башынан өткөргөн окуялар менен бөлүшүп, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Жолугушуунун башкы максаты, жаштарга тынчтыкты сактоого, мекенди сүйүүгө чакыруу болуп саналат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.