Кыргыз Республикасынын АКШ элчилиги Баткен жашоочулары үчүн Баткен Америкалык ресурстук борборун ачты. 

        2019-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасындагы АКШ элчиси Доналд Лу жана Баткен мамлекеттик университетинин Баткенде Америкалык ресурстук борборунун салтанаттуу ачылыш аземин өткөрүштү. Баткендеги АРБ өз окурмандарын 2018-жылдын сентябрынан тартып тейлеп келет жана АКШ тууралуу маалымат табууга, пикир алмашууга жана чет тилин үйрөнүүгө шарт түзгөн уюм болуп саналат.

      Баткендеги АРБ интернетти акысыз колдонууга мүмкүн болгон, ноутбук, маалымдама материалдары жана англис тилин окуу жана үйрөтүүчү материалдары, ошондой эле англис тилинен кыргыз тилине которулган китептер менен жабдылган жаңыланган жана заманбап мекеме. Борбордун координаторлору англис тили сабактарын АКШнын маданият, тарыхы жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу үзгүлтүксүз программаларды алып барат.