Иш план
Жобо
2016-жылдын 21-майында Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын жети облусунун мамлекеттик жети жогорку окуу жайларынын ректорлору Ош декларациясына кол коюшкан. Ага К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, С. Нааматова атындагы Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, А. Мырсабекова атындагы Ош гуманитардык педагогикалык институту жана Ош мамлекеттик университети сыяктуу мамлекеттик окуу жайлар кирген. Декларацияны кабыл алуу иш-аракети республиканын жогорку окуу жайларынын ички өнөктөштүк байланыштарын жакшыртып, алардын достук көпүрөсү болуу менен билимдүү жана бирдиктүү жаштарды тарбиялоодо өзүнүн үзүрлүү салымын кошууга багытталган.
Ал төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:
– мамлекеттик жана университеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп, өлкөнүн ички бүтүндүгүн жана окуу жайлар ортосундагы достукту чыңоо.
– ааламдашуу доорунда дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ЖОЖдор аралык интеграцияны, мобилдүүлүктү активдештирүү жана ички академиялык алмашууну күчөтүү, студенттерди жаңы окуу чөйрөсүнө аралаштырып, сабакка болгон атаандашууларын күчөтүү жана аларды коомчулук менен тил табышууга үйрөтүү;
– ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, белгилүү окумуштуулардын жана профессорлордун, доценттердин конок лекцияларын, ачык сабактарын уюштуруу жана алардын стажировкалардан өтүүлөрүн камсыздоо;
– профессордук-окутуучулук курамдын илимий изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүү, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, он-лайн, телелекцияларды, видеосабактарды уштуруу;
– ири эл аралык долбоорлорду чогуу ишке ашыруу;
– окуу жайлар ортосунда маданий-массалык, спорттук иш-чараларды бирге өткөрүү;
– Баллон системасындагы кредиттик технологияны жемиштүү колдонуу менен бирге билим берүү жараянында студенттердин академиялык эркиндүүлүгүн күчөтүп, жеке траекториясын кеңейтүү ж.б.
Ош декларациясынын алкагында ар жылы мүчө окуу жайларда студенттик фестивалдар өткөрүлүп турат жана алар маданий-массалык, концерттик, оюн-зоок программалар менен коштолуп, мында активдүү жана таланттуу студенттерге дипломдор, ардак грамоталар, сертификаттар ж.б. сыйлыктар тапшырылып келет. Декларациянын принциптеринин турмушка ашуусун тескөө милдетин Ош мамлекеттик университети өз мойнуна алган.
Жети университеттин ортосунда түзүлгөн келишим Ош МУда жемиштүү иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 20га жакын студент ЫМУ, ЖАМУга жиберилсе, 100гө жакын студент жана окутуучу ТалМУ, НМУ, ЫМУ, БатМУ, ЖАМУ, ОГПИден Ош МУга келип окуп, тажрыйба алмашып жатат. Студенттерди жиберүүнү жана кабыл алууну университеттердин эл аралык байланыштар бөлүмдөрү жүргүзүшөт.
Жиберилүүчү студенттерден төмөнкү документтер талап кылынат:
1) Үч тараптуу келишим.
2) Окуу боюнча макулдашуу.
3) Кепилдик кат (гарант-письмо).
4) Анкета.
5) Паспорттун копиясы.
Кабыл алуучу окуу жай студенттерди жатакана менен камсыз кылат жана системалуу билим алууга карата толук шарттарды түзүп берет. Ал эми контракттык төлөмдөрдү студенттер өздөрүнүн окуу жайына төлөшөт, кабыл алуучу университетте акысыз билим алышат жана окуган предметтери, топтогон кредиттери, алган сессиялык баалары өздөрүнүн окуу жайында таанылат. Айырма чыккан предметтерди тапшыруу үчүн мобилдүүлүккө катышкан студенттерге өз окуу жайларында эки жумалык сессия уюштурулуусу зарыл. Студенттерди каттоо бир жылда эки жолу жүргүзүлөт: жазгы семестрге – декабрь айында, күзгү семестрге – май айында.
2016-2018-академиялык окуу жылдарында Баткен мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинде Ош декларациясынын алкагында студенттердин ортосунда жүргүзүлгөн
мобилдүүлүк боюнча маалымат.
№ | Ф.И.О. | Курс | Адистик/багыт | Жиберүү-чү окуу жай | Кабыл алуучу окуу жай | Окуу мөөнөтү/ семестр |
1 | Кошонова Динара Аззамовна | 3 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы күзгү семестр |
2 | Абакул кызы Акдаана | 3 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2016-20178 окуу жылы күзгү семестр |
3 | Сүйүнов Мурадилла Абдижамилович | 3 | 510200 Колдонмо математика жана информатика | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы күзгү семестр |
4 | Сыдыков Нурсултан | 2 | 532000 Дене тарбия | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы күзгү семестр |
5 | Кошонова Динара Аззамовна | 3 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
6 | Халбаева Тунук Нурмаматовна | 3 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
7 | Акматова Айпери Атамбековна | 3 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
8 | Турдыбай кызы Назира | 3 | 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
9 | Кумарова Зуурахан | 2 | 550200 Физика-математикалык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
10 | Сыдыкова Кызсайкал | 2 | 550100 Табигый-илимий билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү/жазгысеместрлер |
11 | Абдумалик кызы Алтынай | 2 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү семестрлер |
12 | Жунусали к Нурзада | 2 | 550100 Табигый-илимий билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү/жазгысеместрлер |
13 | Акжол кызы Гүлзара | 2 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү семестр |
14 | Нажимидимн кызы Гүлмира | 3 | 550100 Табигый-илимий билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү/жазгысеместрлер |
15 | Маматбаева Айгерим | 3 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү/жазгысеместрлер |
16 | Имарова Айзирек | 3 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы күзгү/жазгысеместрлер |
17 | Акжол кызы Гүлзара | 2 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
18 | Мурзабек к. Канайым | 2 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
19 | Таштан кызы Айкөл | 2 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
20 | Таштанбай кызы Асель | 2 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
21 | Нурманбек кызы Жумагүл | 2 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
22 | Абдималик кызы Алтынай | 2 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
23 | Эгембердиева Айзирек | 2 | 550200 Физика-математикалык билим берүү | БатМУ | ОшМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
Жалпы – 23 студент |
2016-2018-академиялык окуу жылдарында Баткен мамлекеттик университети менен Ош гуманитардык педагогикалык институтунда Ош декларациясынын алкагында студенттердин ортосунда жүргүзүлгөн
мобилдүүлүк боюнча маалымат
№ | Ф.И.О. | Курс | Адистик/багыт | Жиберүү-чү окуу жай | Кабыл алуучу окуу жай | Окуу мөөнөтү/ семестр |
1 | Курбанбек кызы Өмүркан | 3 | 532000 Дене тарбия | БатМУ | ОГПИ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
2 | Бусурманкул кызы Накылай | 2 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ОГПИ | 2016-2017 окуу жылы жазгы семестр |
3 | Махмуджан кызы Зийнатай | 3 | 550700 Педагогика | БатМУ | ОГПИ | 2017-2018 окуу жылы күзгү семестр |
6 | Анарбай кызы Курманжан | 3 | 550100 Табигый-илимий билим берүү | БатМУ | ОГПИ | 2017-2018 окуу жылы күзгү семестр |
7 | Шадыбек кызы Мээрим | 3 | 550100 Табигый-илимий билим берүү | БатМу | ОГПИ | 2017-2018 окуу жылы күзгү семестр |
8 | Сейткулова Элиза | 2 | 550700 Педагогика | ОГПИ | БатМУ | 2017-2018 окуу жылы жазгы семестр |
Жалпы – 8 студент |
2016-2018-академиялык окуу жылдарында Ысык-Көл мамлекеттик университети менен Баткен мамлекеттик университетинде Ош декларациясынын алкагында студенттердин ортосунда жүргүзүлгөн мобилдүүлүк боюнча маалымат
№ | Ф.И.О. | Курс | Адистик/багыт | Жиберүү-чү окуу жай | Кабыл алуучу окуу жай | Окуу мөөнөтү/ семестр |
1 | Зикирали кызы Аксана | 2 | 550100 Табигый-илимий билим берүү | БатМУ | ЫМУ | 2016-2017-окуу жылы күзгү семестр |
2 | Орозбек кызы Нурила | 3 | 510200 Колдонмо математика жана информатика | БатМУ | ЫМУ | 2016-2017-окуу жылы жазгы семестр |
3 | Абдухаликова Бегайым | 3 | 550300 Филологиялык билим берүү | БатМУ | ЫМУ | 2016-2017-окуу жылы жазгы семестр |
4 | Үрүстөм кызы Арзыкан | 2 | 550200 Физика-математикалык билим берүү | БатМУ | ЫМУ | 2017-2018-окуу жылы күзгү семестр |
Жалпы – 4 студент |