Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы БатМУнун Кызыл-Кыя педагогика институтунун гуманитардык факультетинин бүтүрүүчү АР-16 тайпасынын студенттеринин демилгеси менен 2020-жылдын 24-февраль күнү Турция мамлекетинин 18-март университетинен доктору Куршат Жасур келди. Аны окуу жайдын студенттери жана жамааты өзгөчө салтанат, меймандостук менен тосуп алышты. Конок лектор бир жума бою англис тили профилинин студенттерине сабак өтүп, аларга өзүнүн мыкты илим-билимин, инновациялык ыкмаларын, тажрыйбасын жугуза алды. 29-февраль күнү Куршат Жасур өзүнүн бир жумалык программасын аяктап, мекенине кайтып кетти. Жыйынтыгында аны менен окуу жайыбыздын жана башкы мекеменин жетекчилиги, шаарыбыздын мэри Э.А.Топчубаевдер жолугушуу өткөрүп, жылуу пикирлерин айтышты, белек-бечкек жана “Ыраазычылык кат” беришти.

На изображении может находиться: 3 человека, в том числе Нурила Ташматова, в помещении

На изображении может находиться: 4 человека, люди стоят и в помещении

На изображении может находиться: 2 человека, люди стоят, костюм и в помещении

На изображении может находиться: 2 человека, люди сидят и в помещении