БатМУ толугу менен аралыктан окутуу режиминде студенттерге билим берүүдө

Өлкөбүздөгү Короновируска каршы Өзгөчө кырдаал учуру жарыяланганына байланыштуу, Баткен мамлекеттик университетинин жалпы окуу структуралык бөлүмдөрүндө  студенттерге билим берүү аралыктан жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Бул иш чаралар КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген буйруктун негизинде окуу жайдын жетекчилигинин көзөмөлүндө ишке ашып жатат. Университеттин профессордук окутуучулар жамааты www.batmu.kg  сайтынын AVN билим берүү порталы аркылуу жеке кабинетинде лекциялык материалдарды практикалык жана лабораториялык иштерин жүктөп, студенттерге маалыматтарды жеткирүүдө.

Окуу порталына кошумча, социалдык түйүндөр ( Whatsapp, Facebook, Telegram), Zoom, Google Duo  сыяктуу видео конференцияларды өткөрүүнүн программаларын пайдаланып студенттер менен байланыш түзүлүп, ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Бул программалардын өзгөчөлүгү окутуучу менен студенттердин жүзмө жүз отуруп баарлашып сабак өтүүсүндө. Студенттер айылда же шаарда болсо да айырмасы жок бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушууда.

Студенттерге дагы да жеткиликтүү болушу үчун Баткен ТВ менен биргеликте ар күнү лекциялык сабактар университеттин лекторлору тарабынан даярдалып сыналгыга белгилүү убакта көрсөтүлүп жатат.

Студенттер үчүн АVN билим берүү порталында бардык факультеттер жана колледждердин расписаниелери  тиркелген. Окуу бөлүмү жакынкы күндөрдө студенттердин билимин текшерүү үчүн I модуль www.batmu.kg сайтындагы тестирлөө аркылуу ишке ашырылмакчы. Бул учурда студенттер белгиленген мөөнөттө логин жана паролдору менен тестирлөөгө кирип, тиешелүү предметтер боюнча тест тапшыра алышат.

Автор: Үсөнов Иса Мурзапарович