Баткен мамлекеттик университетинин ректорлугуна талапкер Филология илимдеринин кандидаты, доцент Машрабов Абдималик Амировичтин ПРОГРАММАСЫ

Ынтымак-ийгиликтин булагы!

Баткен мамлекеттик университети республикабыздагы эң жаш мамлекеттик окуу жайлардын бири. Өзүнүн басып өткөн чейрек кылымдык калыптануу тарыхы жана өнүгүү жолу менен сыймыктанат.

БатМУ-инфраструктуралык түзүм жагынан федералдык мүнөздөгү  окуу жай. Башкы мекеме Баткенде, анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында жайгашып, алар бир куштун эки канатындай башкы мекеме менен биргеликте өнүгүү жолунда.

БатМУ кыска мөөнөттүн ичинде Республикабыздын түрдүү тармактары үчүн миңдеген жогорку жана орто квалификациялуу кесипкөй адистерди даярдады, окуу жайдын МТБ чыңалып, илимий потенциалы жогорулап келүүдө.

Университеттин бардык окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулары тарабынан окутуунун заманбап усулдарын, жаңы технологияларын жана техникалык каражаттарын оптималдуу пайдаланышып, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодо алгылыктуу иштерди жүргүзуп келе жатышкан окутуучуларыбыз арбын.

Университетибиздин илимий-педагогикалык потенциалы жылдан жылга жогорулоодо. Муну БатМУнун окуу-түзүмдөрүнүн ар биринен жылына 1ден же 2 ден илимдин кандидаттарынын, докторлорунун илимий диссертациялык иштерин коргоолорун көрүүгө болот. Бул, албетте, окуу жайдын сапаттуу билим берүүсүнө өбөлгө түзөт.

Акыркы 2016-2020- жылдардын аралыгында окуу жайдын билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн, окуу-усулдук колдонмолорду, илимий монографияларды, макалаларды басылмалардан чыгаруу, тарбия жана маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүү,инновациялык технологияларды пайдалануу, эл аралык байланыш, үнөм жана каржы тармактарын өнүктүрүү жана жөнгө салууда алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келе жатат.

Учурда БатМУ “илимий, чыгармачылык потенциалы жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү жана көп тилдүү адистерди даярдоо аркылуу аймактын социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу” максатында облустун аймагында өзүнүн миссиясын аткарып келе жатат.

XXI кылым-илимдин, билимдин ааламдашуу кылымы болгондуктан, билим берүү тармагында атаандаштык күндөн-күнгө күч алууда. Бул атаандаштыктын талабына жооп берүү үчүн, жогоруда белгиленген иштер жетишсиз. Мына ошондуктан, окуу жайыбызда эмгектенип келе жаткан  профессордук-окутуучуларыбыздын суроо-талаптары жана аткарууга ала турган келечектүү иштерибир топ.

Окуу жайдын “Өнүгүү келечеги” аттуу стратегиялык максаттары

  1. Билим берүү ишмердүүлүгү
  2. КР Өкмөтүнүн жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып баруу;
  3. БатМУ боюнча окутуучулардын, студенттердин маалыматтык базасын, стейкхолдерлер менен байланышты бекемдөө максатында тутумдук базаны түзүү, билим берүү сапатын жакшыртууүчүн электрондук маалыматтык системаны ишке киргизүү жана университеттин сайтына жайгаштыруу;
  4. Университеттин статусун эл аралык билим берүү мейкиндигинде билим берүү кызматын жогорулатууну камсыз кылуу, атаандаштык жөндөмдүүлүктү күчөтүү жана экспорттону кеңейтүү;
  5. БатМУнун башкы жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө АVN маалыматтык системасынын ишин өнүктүрүү, автоматташтыруу процессин киргизүү;
  6. Университет аймактын билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборун жана мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо ж.б. курстарды ачуу;
  7. Жаңы багыттагы адистиктерди, анын ичинде медициналык орто окуу жайын ачуу жана жакынкы жана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууга жетишүү.

II. Аккредитация-комплекстик иштердин жыйындысы

1. Быйылкы 2020-2021-окуу жылында университеттин алдында маанилүү маселелердин бири-көз карандысыз аккредитациядан жогорку жана орто билим берүү программаларын педагогикалык, филологиялык, экономикалык жана инженердик багыттарда  өткөрүү иши турат. Бул процесс комплекстик иштердин тынымсыз жылдык жүрүшүнүн натыйжаларынын жыйындысын түзөт жана даярдыктарды талап кылат;

2. Көз карандысыз аккредитациядан өтүүнүн негизги максаты – билим берүү программаларын сырткы көз карандысыз баалоодон өткөрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча эксперттерден сунуштарды алуу, билим берүүнүн жогорку сапатын көрсөтүү, бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуу маселелерин жакшыртуу, окуу жай ички жана эл аралык мейкиндикте өз ордун табууга жетишүүсү.

3. Адистерди даярдоо үчүн заманбап зарыл талаптарды камсыз кылуу жана материалдык-техникалык, маалымат-ресурстук базаны модернизациялоо.

III. Илимий изилдөө иштери

  1. Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык абалын, маданиятын, тарыхын, экологиялык, лингвистикалык жана айыл-чарбалык продукциялардын маанилүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
  2. Университеттин жаш окумуштууларын колдоо гранттык системасын түзүү;
  3. илимий изилдөө ишмердүүлүктүн натыйжасында жаңы кичи ишканаларды коммерциализациялоо үчүн түзүү жана кеңейтүү;
  4. 2004-жылы негизделген Баткен мамлекеттик университетинин “Жарчысы” илимий журналын тикелөө жана көрсөткүч сапатын жогорулатууга жетишүү; профессордук-окутуучулардын илимий жетишкендиктерин баалоо максатында, жылдын жыйынтыктарын багыттар боюнча чыгарып туруу;
  5. Университеттин жана анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алдында жок дегенде 5 адистик боюнча аспирантура бөлүмүн ачуу жана аспиранттарды кабыл алууга жетишүү;

IV. Тарбия процесси- билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү

  1. Билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү-тарбия процесси болуп эсептелет. Ошондуктан студенттерге тарбия берүүдө кураторлук саатка өзгөчө маани берилет жана мекенчил инсандарды жана аң-сезимдүү ой жүгүртүү аркылуу дүйнө таанымын калыптандыруу менен өз ордун таап кетүүгө тарбиялоо;
  2. Тарбиялык иштин негизги максаты болуп ааламдашуу алкагында талаптарга жооп берген, атаандашууга туруштук бере алган жана кыргыз элинин улуттук маданий баалуулуктарын барктай алган жаштарды тарбиялоо.

V. Ден соолукту чыңдоо жана спорт тармагы

  1.  Университеттин окутуучуларынын, студенттеринин ден соолугуна кам көрүү максатында Бириктирилген кесиптик кошун менен бирдикте жылда, ар бир окуу-түзүмдүк бөлүмдөн 4төн көп эмес окутуучунун, студенттин ден соолугун чыңдоо максатында өлкө ичиндеги санатория-профилакторияга жолдомо жана барып-келүү жол акы окуу жайдын эсебинен жөнөтүүгө жетишүү;
  2. Жакынкы келечекте БатМУнун өздүк санатория-профилакториясын курууну пландаштыруу;
  3. Дене тарбия сааттарын сапаттуу өткөрүү үчүн спорттук инвентарлар менен жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу;
  4. Дене тарбия сааттарын жана спорттук машыгууларды өткөрүү үчүн спорт аянтчаларын жана залдарды куруу, студент-спортчуларды түрдүү ички жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү мелдештерге катыштырууга жетишүү;

VI. Эл аралык ишмердүүлүк

  1. Ата Мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу максатында окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүктөрүн күчөтүү;
  2. Окуу жайды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик эмес коомдук уюмдар менен тыгыз иштешүүгө жетишүү;
  3. Алдыңкы Эл аралык билим берүү борборлору жана ЖОЖдор менен (телемост, интернет-конференцияж.б.) байланышты кеңейтүү үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу.

VII. Материалдык – техникалык базаны чыңдоо

  1. БатМУнун окуу имараттарын жаңыртуу, реконструкциялоо, оңдоп-түзөө боюнча инвесторлорду тартуу;
  2. Окуу жайыбызда окуу шарттарын түзүү, заманбап аудитория жана лабораториялык кааналарды ачуу жана жаңы технологиялык каражаттар менен камсыздап, тиешелүү талаптарга жооп берген имаратты башкы мекемеде жана 25 жылдан бери өздүк имараты жок, миллиондон ашуун ижара акы берип, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан БатМУ КПИнин окуу имарат маселелерин чечүүгө жетишү;
  3. Окутуунун сапатын жакшыртуу максатында адистиктерге тиешелүү заманбап усулдук кааналарды, лабораторияларды жаңы технологиялык каражаттар менен жабдуу;
  4. БатМУнун башкы жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүн жылына 30 даанадан кем эмес, жогорку ГБгы чоң эстегичтүү ядролук компьютерлер жана жаңы техкаражаттар менен камсыз кылуу;
  5. БатМУнун редакциялык бөлүмүнүн алдында предметтик тестирлөө борборун уюштуруу, окутуучулардын ар бир дисциплина боюнча окуу программаларын, силлабустарын, ОУК,  чакан окуу куралдарын жана башка жарнамалык материалдарды басып чыгаруу максатында акы алып кызмат көрсөтүүчү кичи полиграфиялык ишкананы ачуу.

VIII. Социалдык абалды жакшыртуу

  1. Университеттин короосунда архитектуралык тартипте окутуучулар жана студенттер үчүн заманбап тамактануучу ашкана, кызмат көрсөтүүчү борборлорду, канцелярдык жана китеп сатуучу  түйүндөрдү куруу;
  2. Университетке убактынча чакырылып иштеген окутуучулар жана чет өлкөлөрдөн келип окуп жатышкан студенттер үчүн бардык шарттары менен жатакана куруу;
  3. Университетте иштеген окутуучулардын жана студенттердин ден соолугуна кам көрүү максатында жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн медицина кабинетин тиешелүү шарттары менен түзүү; 

IX. Үнөм жана каржы ишмердүүлүгү

  1.  Университеттин акча каражатынын киреше бөлүмү мамлекеттик бюджеттин эсебинен, атайын каражаттын жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түзүлөт жана чыгаша бөлүгү аны менен барабар. Сметанын киреше бөлүмүн көбөйтүү-негизги маселелер болуп саналат;
  2. Сметанын чыгаша бөлүмү университеттин “Финансалык комиссиясы” тарабынан сарпталат;
  3. Университеттин профессордук-окутуучуларына жана башка кызматкерлерине кошумча айлык акы ай сайын жана өзгөчөлөнгөн окутуучуларга, кызматкерлерге материалдык жана  акчалай сыйлыктар КР Мыйзамдарынын, КР Өкмөтүнүн Токтомдорунун негизинде төлөп берүүгө жетишүү.

Жогоруда белгиленген маселелерди чечүү үчүн университеттин профессордук-окутуучулар жамааты “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” баарыбыз ынтымакта аракет кылсак, ийгиликке жетерибиз анык, ошондуктан, баарыңыздарды коюлган маселелерди бирге чечүүгө чакырам.