БИЛИМ БИЙИКТИГИ 2021-жылдын 16-апрелинде ОшМУнун юридикалык институтунда «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана конституциялык реформалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду. Ага студент, магистрант, аспиранттар катышты. Ал эми илимпоз, изденүүчүлөр илимий баяндама жасады. Конференцияга Кыргызстандын гана эмес, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар катышты.

Бул конференцияда Баткен мамлекеттик университетинин “Гуманитардык-экономикалык” факультетинин “Социалдык- экономикалык жана укук” кафедрасынын окутуучусу Бабаева Халича Сафаровна – “Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорунун даярдалышы, кабыл алынышы жана анын өзгөчөлүктөрү (2020-21-жж.)”, Юриспруденция адистигинин 4-курсунун Юп-1-17 – тайпасынын студенттери Шералиев Асан Шералиевич- “Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын өнүгүшүнүн негизги этаптары (1993-2016-ж.ж.)” (жетекчиси – Бабаева Х.С.), Худойбердиев Жахонгир Каракулович “Экстремизмдин тарыхый жана укуктук аспектилери” деген темада (жетекчиси – Бахтыярова С.Ж.) пленардык жана секциялык жыйындарда илимий баяндама жасашты. Конференциянын акырында катышуучулар тарабынан атайын резолюция кабыл алдынды.