Абдикеримов Абийбилла Шамшиевич

Факультеттер аралык билим берүү кафедрасынын башчысы

E-mail: abiibilla60@mail.ru

Кафедра  жөнүндө маалымат

Кафедра 2014-жылдын 1-октябрында БатМУ КГПИнин директорунун буйругу менен түзүлгөн. (буйрук №6/1, §9, 01.10.15) 2014-жылдын 1-сентябрь айына чейин ага окутуучу А.Т.Бердиев жетектеп келген. 2014-жылдын 1-сентябрынан баштап ага окутуучу Б.Сыдыков жетектеп келсе, 2016-жылдын 1-февралынан тартып Кафедрага т.и.к.доцент .А.Ш.Абдикеримов кафедра башчысы (буйрук №6/1, §9, 01.02..16) болуп дайындалган. «Кыргыз тили жана тарых кафедрасы”  2016-жылдын 1-сентябрында БатМУнун ректору проф. А. М. Зулпуевдин буйругу (№6/1, § 1)  менен түзүлгөн. Кафедра 2 багыт социалдык-экономикалык билим берүү жана кыргыз тили жана адабияты боюнча: тарых жана кыргыз тили профилдерин тейлеген.  «Кыргыз тили жана тарых» кафедрасы  бакалаврдык жогорку билим даражасынын соцаилдык экеномикалык билим берүү жана кыргыз тили жана адабияты багыттары боюнча окутуунун күндүзгү формасында социалдык-экономикалык билим берүү боюнча тарых кыргыз тили жана адабияты боюнча кыргыз тили профилдерин; ал эми дистанттык окутуу технологиялары бөлүмүндө  тарых жана кыргыз тили профилдери боюнча болочок  адистерди даярдап келсе 2020-жылды 1-сентябрынан  Институттун карамагындагы «Факультеттер аралык билим берүү»кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына, доцент А.Ш. Абдикеримов дйындалып, факультеттер аралык дисциплиналарды тейлөөчү кафедра болуп кызмат өтөөдө.

Ал эми дистанттык билим берүү үстүбүздөгү окуу жылына карата окутуунун дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырткы бөлүм болуп түзүлгөндүктөн, окуу планындагы аудиторялык сааттын көлөмүн 22%га келтирүү максатында окуу пландары кафедра башчысы тарабынан кайрадан түзүлүп,  КГПИнин 29-сентябрындагы окумуштуулар кеңешинде (Прот№1) талкууланып бекитилди.

Кафедра тейлеген профилдердин лицензиялык маалыматы

2012-13-окуу жылындан баштап  БатМУ КГПИге бакалаврдык жогорку билим берүү боюнча окутуунун күндүзгү жана дистанттык  формасы боюнча окуу процессин жүргүзүүгө укук алуу боюнча төмөндөгүдөй билим берүү багыттарына КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциядан 2012-жылы  лицензияга ээ болгон.

Окуу мөөнөтү

  Бакалавр:күндүзгү бөлүмдө – 4 жыл, сырткы бөлүмдө – 5 жыл