Бүгүн ыйык Рамазан айынын урматына БатМУнун профессордук-окутуучулар курамы үчүн ооз ачуу (ифтарлык) уюштурулду. Иш-чарада БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов жалпы жамаатты ыйык Рамазан айы менен куттуктап, бекем ден соолук, ынтымак жана биримдик каалады. Мындан сырткары БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын Куран жана араб тили мугалимдери тарабынан ыйык Куранды баштан аяк окуу демилгесин соңуна чыгаруу иш-чарасы болду. Ошондой эле Эшалиев Т.Э., Машрабов А.А., Миталипов К.М., Рустамов Темирбек агайлардын арбагына багышталып Куран окулду. Жалпыңыздардын ыйык Рамазан айыңыздар кут болуп, туткан орозоңуздар кабыл болсун!