Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү жыл санап өсүүдө.

2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында илимий даражаларды ыйгаруу аземи болуп өттү.

Мында п.и.к. М.К.Мадумаровага педагогика адисти боюнча доцент наамы, т.и.к., Ш.Б.Шеровго тарых адистиги боюнча доцент наамы ыйгарылса, Санариптештирүү жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы З.М.Бекмаматовго физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы, Окуу-маалымат департаментинин Практика жана карьера боюнча жетектөөчү адиси А.Э.Нажимидиновага педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы, ал эми “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын улук окутуучусу Эргешали кызы Актилекке педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылып, дипломдору тапшырылды.

Ошондой эле БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун ага окутуучусу, Табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин Табигый-математикалык билим берүү кафедрасынын башчысы Абдибайитова Апиза Абдирасуловна 03.02.08-экология адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн “Чаувай кен массивинин калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири” деген темада кандидаттык диссертациясын Д 06.20.605 диссертациялык кеңешинде ийгиликтүү коргоп, биология илиминин кандидаты дипломуна ээ болду.

Урматтуу, кесиптештер! Окумуштуулук наамыңыздар, окумуштуулук даражаңыздар кут болуп, илимде зор ийгиликтерди багынта бериңиздер!