Бүгүн БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.Т. Гыязов жумушчу сапарынын алкагында Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин технопаркында болду.

Университетинин технопаркы 2022-жылдын январында ачылган, анын жалпы аянты болжол менен 3000 м².

Технопарк 5 негизги лабораторияны камтыйт:

  • 1. Прототиптөө борбору (жыгач иштетүүчү цех, металл иштетүүчү цех жана текстиль лабораториясы)
  • 2. Роботтук системаларды, VR машиналарын түзүү жана долбоорлоо.
  • 3. Табият таануу комплекси: физика, биология, химия лабораториялары.
  • 4. IT – кластер (терминалдык класстар, мультимедиялык лаборатория)
  • 5. Процесстер фабрикасы – келечектеги мугалимдерди даярдоодо ыксыз технологияларды колдонуу.