Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институту (КЭУТИ)  Кыргызстандын туштук-батыш региону боюнча орто мектептерде жогорку билимдүү мугалимдердин, ишкана-мекемелерде экономист, техник жана инженерлердин  жетишсиздигин эске алып регионду жогорку квалификациядагы адистер менен камсыз кылуу максатында  Ош технологиялык университетинин   ректорунун   1995-жылдын 23-октябрындагы буйругунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен Ош жогорку технологиялык колледжинин Кызыл-Кыядагы филиалы   катары ачылган.   1999-жылы  Ош технологиялык университетинин окумуштуулар кенешинин чечиминин негизинде Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя экономика,укук жана технология институту (КЭУТИ ОшТУ) болуп кайра түзүлгөн.

   Кыргыз Республикасынын президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы №190 жарлыгы менен түзүлгөн Баткен мамлекеттик университетинин   Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институту (КЭУТИ БатМУ)  болуп өзгөртүлүп, өзүнүн юридикалык статусуна ээ болот.

Биздин жетекчилер

Ташполотов
Ысламидин Ташполотович
(1995-2002)

Зулпуев
Абдувап Момунович
(2002-2015)

Гыязов
Айдарбек Токторович
(2015-2019)