Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын   29-декабрындагы  №1101/1   буйругуна ылайык, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде, 2020-жылдын 28-декабрындагы №19-2 протоколуна ылайык  Кесиптик билим берүү программалары (магистратура)  күндүзгү окуу формасы боюнча №D2019-0017  №2 кошумча лицензия  алынган. 

КР ББжИМнин 2022-жылдын  23-ноябрындагы  №2505/1   буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) сырткы окуу формасы боюнча №D2019-0017 лицензиясына №3 кошумча лицензия  берилип, төмөндөгү магистрдик программанын  багыттарын  даярдоого уруксат берилген:

  • 550700 – Педагогика;
  • 550100 – Табигый илимий билим берүү.
  • 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
  • 550300 – Филологиялык билим берүү;
  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;

2021-2022-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 74, 2022-2023-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 10, сырттан окуу бөлүмүнө 41  магистрант кабыл алынган.

         Магистратура бул белгилүү  кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.

        Даярдоонун 5 багыты  боюнча  ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграциялан- ган  адистерди  жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын  окутуп үйрѳтѳт.

          Магистратурада  педагогикалык багыттагы  адистерди  кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер)  менен биргеликте  негизги кесиптик билим берүү  программасынын  негизинде,  жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын  мазмунуна ылайык  даярдалат.

      Магистратура  – бул  бакалавр же адис даражасынан кийинки билим берүү процессиндеги жогорку даража болуп эсептелинет.  

      Магистрлердин  кесиптик  иш  аракеттери тѳмѳнкүлѳр:

  • Илимий – педагогикалык;
  • Илимий – изилдѳѳчүлүк;
  • Уюштуруучулук – башкаруучулук;
  • Маалыматтык – аналитикалык;
  • Долбоорлоо.
  • Инновациялык.

   Магистрдик даража  – аспирантурага ѳтүүгѳ жана ѳз кесиби боюнча иштѳѳгѳ укук бере турган толук жогорку кесиптик билим берүүнүн академиялык даражасы болуп эсептелет.

     Магистрдик  программа боюнча  күндүзгү окуу формасы 2 жыл, ал эми  сырттан окуу үчүн  2 жыл 6 айды түзѳт,  окутуунун  формасы  келишимдик негизде  жүргүзүлөт.

    Жогорку кесиптик билим берүү программаларынын лицензиялары: 

   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын   29-декабрындагы  №1101/1   буйругуна ылайык,  Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде,  2020-жылдын 28-декабрындагы №19-2 протоколуна ылайык  Кесиптик билим берүү программалары боюнча №D2019-0017 кошумча лицензия  алынган.  2022-жылы 23-ноябрында КР ББжИМнин №2505/1 буйругуна ылайык 2022-жылдын    21- ноябрында №20-2 протоколунун  негизинде кошумча лицензия берилген.

  Магистрдик  билим берүү программасынын  багыттары (адистиктери) жана магистранттардын жалпы контингенти 

 ШифрБагыттын (адистиктин) аталышыЛицензия-нын номериЛицензия боюнча студенттердин чектелген саныМагистра- турада  окуган студент- тердин саны
Күн- дүзгүСырт- кыКүн- дүзгүСырт- кы
1.550700Педагогика (магистр)  №D2019-0017  №2, №325253825
2.550100Табигый илимий билим берүү (магистр)№D2019-0017  №2, №325259
3.550200Физика-математикалык билим берүү (магистр)№D2019-0017  №2, №3252524
4.550300Филологиялык билим берүү (магистр)№D2019-0017  №2, №3252577
5.550400Социалдык-экономикалык  билим берүү (магистр)№D2019-0017  №2, №3252569
 Жалпы: 1251258441

МАГИСТРАТУРАНЫН УКУКТУК-ЧЕНЕМДИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК БАЗАСЫ

    2021-2022-окуу жылдарында укутук-ченемдик жана окуу методикалык базасы боюнча даярдалган  иштер:

  • БатМУнун магистратурасы  жөнүндө жобо иштелип чыкты.
  • Магистратурада аткарыла турган практикалар боюнча жобо даярдалды.
  • Магистрдик ишти жазуу боюнча жобо иштелип чыкты.

2022-2023-окуу жылдарында укутук-ченемдик жана окуу методикалык базасы боюнча даярдалган  иштер:

  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 21-сентябрдагы №1578/1 буйругунун негизинде Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча  магистрдик программанын багыттарынын  окуу пландарына өзгөртүүлөр киргизилди.
  • Магистратурадагы жалпы илимий жана кесиптик бөлүктөгү ар бир дисциплина боюнча жумушчу программалар, силлабус окуу программасы, ОМК иштелип, AVN порталына киргизилди.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ИШ ПЛАНДАР:

  • Эл аралык илимий практикалык конференцияларга магистранттарды көп-көп катыштыруу;
  • Магистранттар үчүн группалык семинарларды өтүү;
  • Кызыкдар тараптар жумуш берүүчүлөр, магистранттар  менен тегерек столдорду уюштуруу;
  • Башка жогорку окуу жайлардын магистратуралары менен байланыш түзүп тажрыйба алмашуу;
  • Магистранттар үчүн конок лекцияларды тез-тез уюштуруу;
  • Эл аралык стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана магистратурада мобилдүүлүктү колго алуу

МААЛЫМАТТЫК  ЖАНА УЮШТУРУУЧУЛУК ИШТЕР

  • “Маалыматтык-байланыштык технологиялардын негизинде жалпы жана үзгүлтүксүз билим берүүнү  өнүктүрүүнүн улуттук программасынын Концепциясынын»  негизинде магистратурада  билим берүү  жана окутуу процессиндеги аткарылган иш чаралар, жаңылыктар, илимий конференциялар    массалык-маалымат  каражаттары аркылуу үзгүлтүксүз  чагылдырылып  турат. 
  • Магистратурадагы кесипке багыт берүү иштери социалдык тармактар жана телеканалдар аркылуу коомчулукка жеткирилип турат.
  • Магистрдик программанын багыттары боюнча магистранттардын даректери жана окуу маалыматынын базасы түзүлөт;
  • Магистранттардын окуу көрсөткүчтөрү боюнча анализ жүргүзүлөт;
  • Магистранттар менен системалуу түрдө жетектөөчү адис жыйналыш өткөрүп турушат.

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Магистранттар илимий-изилдөө иштерин жана өз алдынча ишин аткаруу үчүн китепканадан, электрондук китепканадан, интернет борборунан пайдаланышат. Илимий жетекчилери менен магистранттар биргеликте илимий  изилдөөлөрдү жүргүзүп  конференцияларда баяндамалары менен катышып келишет.

    Магисиратурада  жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөө иштеринин негизги багыттары:

  • Фундаменталдык жана коомдук-гуманитардык изилдөөлөр;
  • Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий долбоорлорду ишке ашыруу;
  • Илимий иш-чараларды (конференциялар, семинарлар, тегерек столдор ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү;
  • БатМУнун магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн ишмердүүлүгү;
  • Магистранттарды долбоор менен иштөө, илимий изилдөөгө болгон кызыкчылыгын өнүктүрүү.

Баткен мамлекеттик университетинин Магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулган “Натыйжалуу илим-изилдөө – өлкө келечегине өбөлгө” аттуу темада илимий семинар болуп өттү. Ага профессордук-окутуучулар курамы жана магистранттар катышты.

Иш-чараны БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, БатМУнун эмгек жамааты Баткен чөлкөмүндөгү жаштардын заман талабына ылайык жогорку билим алуусу үчүн тынымсыз аракеттерди жасап жаткандыгын белгилеп, илимий семинардын ишине ийгиликтерди каалады.

Илимий семинарда БатМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., Мурзалиева А.Ш. «Илимий стилдин талаптары жана өзгөчөлүктөрү», т.и.к., доцент Кадыров А.А. «Илимий макалага коюлган талаптар», п.и.к., доцент Айдарова М.Д. «Магистрдик даражанын өзгөчөлүгү жана магистранттын компотентүүлүгү”, т.и.к. Шеров Ш.Б. “Магистрдик диссертацияны жазуу эрежелери”, Магистратура бөлүмүнүн башчысы б.и.к. Момунова Г.А “Өндүрүштүк практиканы өтөөнүн эрежелери” аттуу темада баяндама жасашты.

 Семинарга жалпысынан магистранттар активдүү катышып, тиешелүү суроолоруна жоопторду алуу менен пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

2022- жылдын 15-февралында БатМУ САИде “Абдумалик Машрабов жана учурдагы илим-билимдин өзөктүү маселелери” атуу эл аралык илимий-практикалык конференциягамагистранттар жана окутуучуларактивдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.

2022-жылдын 29-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде өткөн “Заманбап чакырыктардын шартында илим менен билим берүүнүн актуалдуу прблемалары” атуу эл аралык илимий-практикалык конференциягамагистранттар жана окутуучуларактивдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.

Аталган бөлүмдүн профессордук-окутуучулары жана магистранттары  2022-жылдын 10-ноябырында КР Мамлекеттик тилинин 33 жылдыгына, КРнын Президентинин “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгына  жана 10-ноябрь  илим күнүнө, ошондой эле Корчубек Акназаровдун 100 жылдык маарекесине карата БатМУда уюштурулган  “Билим берүүнү жана илимди  туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап стратегиялары жана санариптик трансформациялары” аттуу илимий-практикалык конференциягаактивдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.

2023-жылдын 28-февралында БатМУ КТЭУИде “Молдо Нияз-Кыргыз жазма мурасынын көч башы жана  учурдагы илим-билимдин өзөктүү маселелери” аттуу илимий-практикалык конференциягамагистранттар жана окутуучуларактивдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.

Магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн окутуучулары жана магистранттары конференция өтүүдө

Магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн окумуштуулары Баткен мамлекеттик университети нде бош орундар жарманкесинде бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен жолугушуу өткөрүштү.

Баткен мамлекеттик университетинин Магистратура жана аспирантура бөлүмү педагогика, тарых, биология, математика, кыргыз тили жана адабияты профили боюнча программалык аккредитацияга карата өзүн-өзү баалоо отчётун талкуулоодо.

Баткен мамлекеттик университетинде 2-курстун магистранттары “Илимий-педагогикалык” практикасынын жана 1-курстун магистранттары “Илим-изилдөө” практикасынын отчётторун кабыл алуунун конференциясы өткөрүлдү.

“Конференцияны өткөрүүнүн максаты магистранттардын аткарган илимий иштерин талкуулоо менен бири-биринин иштеринен мотивация алуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат. Аталган иш чара мындан ары да алардын илимий ишмердүүлүктөрүн улантууга көмөк болот“-деди бөлүм башчы Гүлзат Момунова

БатМУнун Магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы Магистратуранын негизги билим берүү программасын (НББП) түзүүдөгү маанилүү маселелер боюнча уюштурулган семинарга катышты. Семинар аккредитацияга даярдык көрүүнүн алкагында өттү.

Программа башчылары өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, программаны эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу боюнча сунуштарын айтышты. Ошондой эле, билим берүүнүн актуалдуу проблемаларын, педагогикалык багыттагы адистердин жана иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен НББПны иштеп чыгууну колго алышты

Мындан сыркары Өзбекстандын Ташкент шаарында, Фергана областында эл аралык конференцияларга магистранттар жана окутуучуларбарып активдүү катышып сертификаттарга ээ болуп келишти.

Ар кандай коомдук иштерге магистранттар жана окутуучуларактивдүү катышып келишет.

      Бүгүнкү күндѳ аталган бѳлүмдѳ  25 профессордук-окутуучулар иштеп, жалпы   125 магистрант окуп,  илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.