БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Мирлан Чыныбаев менен эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Келишимдин алкагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, IT тармагы боюнча аралыктан окутуу курстарын өткөрүү жана И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында БатМУнун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ошондой эле студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу пландалды. Мындан тышкары илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруп жана ага биргелешип катышуу, И.Раззаков атындагы КМТУнун санариптик технологиялар тармагындагы жетишкендиктерин БатМУда ишке ашыруу, БатМУнун IT тармагындагы адистерин техникумда окутуу макулдашылды.