Окуу-усулдук жана маалымат технологиялар  бөлүмү   КРнын жогорку билим берүү системасынын нормативдик актыларынын, билим берүү  программалардын мамлекеттик стандартынын негизинде иш алып барат. Багыттардын/профилдердин/адистиктердин БатМУнун ОКи тарабынан бекитилген окуу пландарынын негизинде окуу процессин уюштуруп, пландаштырып, регламенттештирет, ошондой эле  алдынкы  тажрыйбаларды жайылтуу жана үйрөтүү, мезгил  талабына ылайык окуу технологияларын, инновациялык усулдарын окуу процесстерине кеңири колдонуу аркылуу билим берүүнүн сапатын камсыздоочу, AVN ИС аркылуу базаны түзүүчү, окуу жайдын жетишкендиктерин жарыялоочу  негизги бөлүм болуп эсептелет.

Максаттары жана милдеттери

Жогорку  квалификациядагы кадрларды даярдоого талаптарды жана учурдагы стандарттарды эске алуу менен БатМУнун миссиясынын негизинде билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсү, билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдонуунун негизинде КГПИде окуу  процессин пландаштыруу,  эффективдүү уюштуруу, сапатын анализдөө.

Негизги милдеттери:

  1. БатМУ КГПИде окутуу формалары боюнча бакалавр/орто адистиктерди даярдап чыгаруу жана кабыл алуу иш аракеттерин эффективдүү жана перспективдүү пландаштыруу.
  2. Зарыл болгон уюштуруу-ченемдерин, маалыматтык-аныктама документтерин иш аракеттерге ылайык координациялоо.
  3. Билим берүү сапатын жогорулатуу максатында окуу процессин максаттуу пландаштыруу, анализдөө, башкаруу жана текшерүү  боюнча иш чараларды өнүктүрүү жана иштеп чыгуу.
  4. Билим берүүнүн сапатын жогурулатуу жана окуу процессин камсыздоо боюнча БатМУ КГПИнин факультеттеринин, кафедраларынын, бөлүмдөрүнүн  жумуштарын координациялоо.
  5. Факультеттердин жана кафедралардын ошондой эле башка ЖОЖдордун окуу процессин уюштуруу жана студенттердин өз алдынча иштөөсү боюнча алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана жалпылоо, окуу процессиндеги жаңы окуу технологияларын киргизүү жана иштеп чыгуу.
  6. Окуу процессин жана анын сапатын камсыздоочу бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерине окуу-усулдук, консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтүү.
  7. Окуу процессин уюштуруу, пландоо жана текшерүү боюнча факультеттерди, кафедраларды жана бөлүмдү тиешелүү  окуу-усулдук сунуштамалар, жоболор, нормативдик материалдар менен камсыздоо.

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

КЫЗЫЛ-КЫЯ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

Окуу-усулдук жана маалымат технологиялар бөлүмүнүн башчысы

ЖАМШУТОВА БУРМАКАН ЖОЛДОШОВНА

Байланыш номери: 0 772 26 49 29

Электрондук дарек: jamshutova77@bk.ru