Баткен мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын  башчысы

Аззамбаев Ураимберди Аззамбаевич

Педагогикалык билим берүү кафедрасынын тарыхы

“Педагогикалык билим берүү”  кафедрасы Баткен  мамлекеттик  университетинин  ректорунун  №140/0 01.09.2003-жылдагы  буйругунун  негизинде “Педагогика  жана  психология”  кафедрасынын  базасында  уюштурулган. Алгач  кафедрада  9  штат  болуп, кафедраны  п.и.к. доцент  М.К.Колдошев  жетектеген  жана  кафедранын  ар тараптуу  иштеринин   өнүгүүсүнө  өзүнүн  зор   салымын  кошуп  келген.

2007-жылдын  1-сентябрынан  баштап   Баткен   мамлекеттик университетинин   ректорунун буйругу менен “Экономика жана тарых” факультетине кошулуп,  “Тарых жана педагогика” факультети деп аталып, “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу” кафедрасы болуп аталган. Бул учурда кафедрада 1 профессор, 1 доцент, 2 ага окутуучу, 7 окутуучу, 1 иш кагаздарын жүргүзүүчү эмгектенген.

2008-жылы “Маалымат технологиясы жана экология” факультетинин курамына

кошулуп  “Педагогика” факультети болуп аталып, кафедра “Биология жана экология” кафедрасы менен  кошулуп “Педагогика жана табият таануу” деп аталып калган.

2009-жылы факультет “Педагогика жана табият таануу” болуп аталып, кафедра

“Педагогика жана биология” деп аталды.  2010-2011-окуу жылында  кафедрада 1 профессор, 1 доцент, 3 ага окутуучу, 7 окутуучу эмгектенип, кафедранын ар  тараптуу  иштеринин  өнүгүүсү  үчүн  өз  аракеттерин  жумшап  келишти.

Азыркы  учурда  кафедраны  п.и.к.,  доцент М.Д. Айдарова жетектеп, илимий-изилдөө, окутуу-усулдук, уюштуруу-усулдук  иштеринин  жакшы  жолго  коюлуусу  үчүн  алгылыктуу  иштерди  жүргүзүп жатат.  2016-жылдын 1-сентябрынан БатМУнун ректорунун буйругу менен кафедрага “Тарых” адистиги кошулуп, “Педагогикалык билим берүү” кафедрасы болуп аталды.  Азыркы учурда кафедрада 1 доцент, п.и.к., 1 доцент, т.и.к.,  1 доценттин м.а. т.и.к., 4 ага окутуучу, 11 окутуучу  эмгектенет. Кафедранын  сапаттык  көрсөткүчү  24,6%ды  түзөт.

Кафедранын  окутуучулары  өздөрүнүн  квалификациясын  жогорулатуу  максатында  республиканын  ЖОЖдору  менен  өз  ара  кызматташтыкта  иштөө  менен  Бишкек, Ош,  Жалал-Абад  шаарларында  илимий  стажировкадан  өтүшөт.

Жогорку билимдүү  мугалимдерди ар тараптан сапаттуу даярдоо кафедранын түздөн түз милдети. Болочок мугалимдердин эртеңки кесиптик камылгасы үчүн зарыл болгон окутуучунун, таалим-тарбиялоонун, этнопедагогиканын, этнопсихологиянын, психологиянын классикалык үлгүлөрү жана заманбап теорияларын, практикаларын өздөштүрүү менен жетишет. Мугалимдик жана башка кесиптер боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоодо кафедранын профессордук окутуучулар жамааты педагогикалык-психологиялык, социалдык-экономикалык циклдин жана ага байланыштуу 62 аталыштагы предметтерди  замандын талабына ылайык окутушат жана кесиптик-базалык, кесиптик-багыттык практикаларды уюштуруп өткөрүүдө негизги күч болуп саналат.

Кафедранын миссиясы: Университет системасында болочок мугалимдерди кесиптик жана инсандык жактан даярдоону өркүндөтүү.

Бул теманын үстүндө кафедранын  окутуучулар жамааты бир топ алгылыктуу аракеттерди жасап келишүүдө. Төрт  багытта иштер  пландаштырылып, аларды  иш  жүзүнө  ашырууга  карата аракеттер  көрүлүп  жатат.

Кафедранын милдеттери:

Болочок мугалимдин педагогикалык  маданиятын  калыптандыруу

Баткен чөлкөмүнүн тарыхый баалуулуктарын изилдөө

Студенттердин этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу

Окуучуларды элдик педагогиканын баалуулуктары аркылуу үй-бүлөлүк турмушка даярдоо.