Табигый илимдер жана математика кафердарсынын башчысы

Асанова Сакина Алимбековна

                                                                                                               

“Табигый илимдер жана математика” кафедрасы БатМУдагы негизги кафедралардын бири болуп саналат. Кафедра өзүнүн түзүлгөн күнүнөн бери калыптануу, сандык жана сапаттык өрчүү тарыхына ээ. Кафедра биринчи жолу 2001-жылы уюшулуп, анда 6 окутуучу иштеген: профессор И.А.Сайдаминов (кафедра башчысы), ага окутуучулар А.Г.Сеитбурканов, Г.Н.Бөрүбаева, Х.К.Тагаев, Г.М.Саттарова, Д.Сатыбалдиева иштешкен. 2003-жылынан баштап “Маалыматтык технологиялар”, жана “биоэкология”   кафедрасы – деп аталган.

Кафедра башчысы болуп профессор И.А.Сайдаминов  экинчи кафедрага э.и.к., доцент Бөрүбаева  иш алып барышкан. 2016-2017-окуу жылына чейин жетектешкен. Кийин бул кафедралар “Табигый илимдер жана математика”  кафедрасына чогулуп, башчы болуп ага окутуучу З.М.Бекмаматов шайланып, 2017-2018-окуу жылдарына чейин иштеген.

Азыркы күндө кафедрада 20 окутуучу, 1 техникалык көмөкчү персоналдар эмгектенет. Окутуучулук курамдын бирөө илимдин доктору, бешөө илимдин кандидаттары даражаларына ээ болуп, сапаттык көрсөткүч 31% ти түзөт.
Кафедра биология илимдеринин кандидаты, кафедранын доценти.  А.А.Саматова.

Кафедранын курамы

Эрматов Абдугаппар – ага окутуучу

Сафаров Тургунали – ага окутуучу

   ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Кафедранын илим изилдөө иштери негизинен 3 багытты өзүнө камтыйт. Анын эң негизгилери: I. Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн байытуу жана коргоо проблемаларын изилдөө саналат. Аталган илимий изилдөөнүн негизги багыттары боюнча кандидаттык диссертациясын эки окутуучу ийгиликтүү коргоп, бирөөсү коргоо алдында турат. Алар  төмөндөгүлөр: I. 1. Миралы кызы Анара “Түркестан тоо кыркасынын түндүк батыш аймагындагы чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн экологиясы”, А.А.Саматова “Саркент мамлекеттик жаратылыш паркынын сүт эмүүчэлөрүнүн биокөптүрдүүлүгүн коргоо жана аны өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр”, Момунова Г.А. “Баткен аймагындагы өрүктөрдүн биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү зыянкечтери жана илдеттери”, А.Г.Сеитбурканов  “Рациональное использование водных ресурсов рек Кыргызстана”, ошондой эле Миралы кызы Анара докторлук темасы: “Биогеохимическая оценка территории Баткенский область” З.Сакбаеванын жетекчилиги астында иш жүргүзүүдө.

II. Экономика багытындагы изилдөөлөргө төмөндөгү окутуучулар Г.Н.Бөрүбаева “Стратегия устойчивого развития предпринимательской деятельности в сельском хозяйстве Кыргызстана” ийгиликтүү коргоду, ошондой эле Д.Б.Саттаркуловдун “Рынок шартында микрокаржылоонун ролу” темасында илимий ишинин үстүндө иштөөдө жана “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу” аттуу окуу колдонмосу жазылып бүтүп,  бет ачары болуп өттү. III. Математика тармагында ага окутуучулар  З.М.Бекмаматов “4-тартиптеги курама жана гипперболалык типтеги теңдемелер үчүн жалгаштыруу маселелери”, А.М.Исмаилова  темада  өз изилдөөлөрүн жүргүзүп коргоо алдында турат. Кафедрада студенттик илимий изилдөө иштери да жолго коюлган. Кафедрада «Биолог», «экономист»,  деген илимий ийримдер бар жана ага студенттер тартылган. Ал ийримдердин катышуучулары ар бир илимдин багыттары боюнча кеңири түшүнүктөрдү калыптандырышып, курстук жана жылына 10-15 дипломдук иштерди даярдашат.

КАФЕДРАНЫН МАТЕРИАЛДЫК ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЖАНА УЮШТУРУУ ИШТЕРИ.

Кафедранын коомдук иштери жана материалдык-техникалык базасы БатМУнун кафедраларынын арасында илимий иштер боюнча өткөрүлгөн мелдеште кафедранын окутуучулары университетте уюштурулган конкурстарга активдүү катышышып, байгелүү орундарды ээлешкен.

«БатМУнун мыкты куратору» конкурсунун женүүчүлөрү: БатМУдагы 2016-2017  окуу жылынды “мыкты илимий эмгек»  конкурсунун жеңүүчүсү: А.А.Саматова болгон. Органикалык эмес химия, зоология, ботаника, информатика боюнча, окуу лабораториясы Интерактивдүү доска, микроскоптор менен жабдылган окуу лабораториялары түзүлгөн. Мультимедиялык окутуу каражаттарын сабактарда пайдалануу максатында CD дисктер, электрондук слайддар, электрондук окуу китептери, презентациялар даярдалган. Кафедрага караштуу 3 лекциялык зал, 4 окуу лабораториясы, бар. Окуу лабораториялары  иономер, центрифуга,   таразалары, рН метр   менен жабдылган. Оргтехникадан 8 компьютер, 2 принтер, 1 ксерокс бар. Кафедрада түзүлгөн мындай жакшы материалдык-техникалык база окуу-илимий иштерди жогорку денгээлде алып барууга шарт түзөт. Кафедранын чет мамлекеттердеги ЖОЖ дон Турция мамлекетиндеги Чаннакале шаарындагы 18-март университети менен “Mevlana program” exchange программасында, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы жана анын Түштүк бөлүмү, И.Арабаев атындагы педуниверситети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети,  Ош мамлекеттик  университети, Ош технологиялык университеттери ж.б. менен илимий жана илимий-усулдук иштер боюнча тыгыз байланышы бар. Кафедранын дареги жана байланыш түйүнү: Баткен шаары, келечек кварталы, көчөсү, И.Жусупов 12, e-mail- abiba.samatova.80@mail.ru

Кафедранын илимий борборлор, Эл аралык донор уюмдар менен байланышы

Кыргызстанда  билим берүү системасын өнүктүрүүнүн эң негизги жолдорунун бири болуп азыркы мезгилде жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк окуу жайлар, өкмөттүк эмес уюмдар жана донордук мекемелер менен байланышып инвестиция алуу, профессордук окутуучулар менен тажрыйба алмашуу ж.б. иш аракеттер саналат. Бул максатта кафедранын мүчөлөрү 2001-жылдан бери Баткен шаарында жана Кыргызстандын түштүк региондору боюнча ар түрдүү (кафедрага тиешелүү) маселелерди чечүүдө активдүү катышып, бир катар эл аралык уюмдар менен иштешүүдө. Кафедранын мүчөлөрү тарабынан   ар түрдүү  тематикадагы долбоорлор иштелип чыккан жана Эл аралык грант берүүчү уюмдар тарабынан   колдоого алынган.   2015-жылда Бүткүл дүйнөлүк жаш мусулмандар ассемблеясы, Саид   Баюми тарабынан жетектелген фонд тарабынан кафедрага тиешелүү 2 аудитория жасалгаланып берилген, ошондой эле кафедранын окутуучулары: Г.А.Момунова, А.Халмурзаев, тарабынан    “Баткен аймагындагы өрүктөрдүн сапатын көтөрүү” аттуу илимий долбоорду Испания мамлекети менен келишим түзүп, TEXNOLOGICAL AVANZADAS AGRICOLASS.L. (TAVAN) аттуу дарыларын колдонуу менен өрүктөргө сапаттык анализ  жүргүзүлүүдө. Джанботаев Р. А.А.Саматова тарабынан Баткен областынын туруктуу өнүгүүсү боюнча “Саркент” мамлекеттик жаратылыш паркыны туризмге өнүктүрүү боюнча  долбоорлорду ишке ашырышты.  ЮСАИД уюмунун биргелешкен башкаруу программасы долбоорунун алкагында Д.Б.Саттаркуловдун жетекчилиги астында долбоор жазылып, 2016-жылы 3-ноябрда эл аралык ЮСАИД уюмунун колдоосу менен коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу ресурстук борбору ачылды.  2017-жылдын жүрүшүндө жогоркудай эле эки долбоор Д.Б.Саттаркуловдун жетекчилиги астында иштелип чыгып, натыйжада  ресурстук борборлордун ачылуусу күтүлүүдө. Азыркы мезгилде кафедранын профессордук-окутуучулары билим берүүнү өркүндөтүү жана илимий иштерди активдүү жүргүзүү максатында республикадагы жана чет өлкөлүк ЖОЖдор, өкмөттүк эмес уюмдар, Эл аралык фонддор менен байнышта үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

Окуу талаа практикасы

Окуу- талаа практикасы кафедрадагы предметтерди өздөштүрүүнүн негизги формасы болуп саналат жана ал үчүн жетишерлик сандагы сааттар бөлүнгөн. Практика жылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлөт, анда теориялык жактан алган билимдерди бекемдөө менен илимий изилдөө иштери үчүн материалдар топтолот. Кафедрада предметтерден төмөндөгү багыттар боюнча окуу-талаа практикалары өткөрүлөт: Ботаника курсу жана өсүмдүктөр физиологиясы курсу боюнча: өсүмдүктөрдүн морфологиялык өзгөчөлүктөрү жана алар жашаган жердин шарттарына жараша өзгөрүү закон ченемдүүлүктөрү, Өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүктөрү, өсүмдүктөрдөгү физиологиялык процесстерди эксперименталдык методдор менен үйрөнүү. Өзгөргүчтүктүн жана тукум куучулуктун айрым закон ченемдүүлүктөрү менен таанышуу, типтүү мектеп участогунун түзүлүшү, аны уюштуруунун усулу, зоология курсу боюнча: омурткасыз жаныбарлардын анатомиялык морфологиялык өзгөчөлүктөрү, алар жашаган жердин шарттарына жараша өзгөрүү закон ченемдүүлүктөрү, Омурткасыз жаныбарлардын көп түрдүүлүгү жана алардын өзгөргүчтүгүнүн жана тукум куучулуктун айрым закон ченемдүүлүктөрүн үйрөнүү, омурткалуу жаныбарлардын көп түрдүүлүгү. Педагогикалык жана мамлекеттик педагогикалык практикада аткарылуучу иштер – жалпы билим берүүчү орто мектептин иш системасы жана мектеп документациясы менен таанышуу – педагогикалык жана усулдук кеңешменин ишин жана аларды өткөрүүнүн усулун үйрөнүү – мектептеги алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана аны күндөлүк ишинде колдонуу – мугалимдердин сабактарына катышуу, сабак өтүү жана ага анализ берүү – ата-энелер жана окуучулар жамааты менен иштөө ыкмаларын жана тарбиялык саат өтүүнүн усулдарын үйрөнүү – предмет боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү – мектепти жана кабинетти жасалгалоону, көргөзмө куралдарды жана дидактикалык материалдарды даярдоону, окутуунун техникалык каражаттарын колдонууну үйрөнүү.

  • БекмаматовЗ.М. О разрешимости задачи сопряжения для одного класса уравнения составного и гиперболического типов четвертого порядка на плоскости. Сборник статей по материалам ХLII международной научно-практической конференции «Естественные и математические науки в современном мире», г. Новосибирск, 2016, стр 87-98. Издательство АНС «СибАК»
  • БекмаматовЗ.М. A boundary value problem for an equation of composite and hyperbolic types of the fourth order with an interface line of on the plane. Asymptotical, Topological and Computer Methods in Math,Bishkek-Bozteri, Sept. 12-16, 2016
  • Бекмаматов З.М. О задаче сопряжения для уравнений составного и гиперболического типов четвертого порядка на плоскости/ Приволжский научный вестник.–№12-1(64), 2016.–с. 24–30.
  • Бекмаматов З.М. Об одной краевой задаче для уравнения составного типа четвертого порядка на плоскости [Текст]/ Бабаев С., Бекмаматов З.М. // Материалы научно-практической конференции на тему “Современные исследования и разработки в области экоресурсосберегающих технологий”, Исфара, 2016, Филиал Таджикского технологического университета в г. Исфары, -С25-28.
  • Бекмаматов З.М. О разрешимости задачисопряжения для одного класса уравнения составного и гиперболического типов четвертого порядка на плоскости [Текст]/ Бекмаматов З.М.// Естественные и математические науки в современном мире; сборник статьей по материалам XLII международной научно практической конференции, №5(40), г. Новосибирск, 2016.-С 86-98.
  • Саматова А.А. Млекопитающие государственного природного парка «Саркент», проблемы их охраны. Интерактивная наука №11 Россия, 2016 г.
  • Сеитбурханов А.Г. Воды высокогорий – ресурс глобального значения. Российский индекс научного цитирования, Территория науки, Воронеж, Россия, 2016 г.
  • Сеитбурханов А.Г. Влияние качества питьевой воды на здоровье населения Баткенской области Кыргызстана . Известия ОшТУ международный научный журнал №1, г. Ош, 2016 г.
  • Момунова Г.А. Основные вредители плодовых садов юга Кыргызстана. http://vepi.ru/upload/iblock/a4f/a4f11bc7e8bbef15540944514215e1b1.PDF. Территория науки.
  • №6. С. 48-51.

2016-2017-жыл ичинде жарык көргөн илимий жана илимий –усулдук эмгектер

  • Момунова Г.А. Исследование видового состава и распространения вредителей плодовых садов юга Кыргызстана. http://novainfo.ru/article/10970/pdf. Nova Info.ru.2017.
  • 6. №58. С. 89-92.
  • Момунова Г.А. Особенности влияние климатических условий южного региона Кыргызстана на местные сорта абрикоса. https://elibrary.ru/contents.asp?titleid=25394. Территория науки. 2017. №3. С.81-84
  • Момунова Г.А. Биоэкологические особенности доминантных видов вредителей абрикоса в условиях юга Кыргызстана . СИНЕРГИЯ
    №3. С. 93-100.
  • Момунова Г.А. Баткен өрүктөрүнүн биологиясы, зыянкечтери, илдеттери жана алар менен күрөшүү жолдору. Усулдук колдонмо 2017-ж..
  • Момунова Г.А. Халмурзаев А.Н. Баткен өрүктөрүнүн зыянкечтери жана илдеттери. Усулдук колдонмо 2017-ж..
  • Бөрүбаева Г.Н. Проблемы обеспечения устойчивого развития малых форм хозяйствования в АПК КР. СОВРЕМЕННОЕ РАЗВИТИЕ МАЛОГО БИЗНЕСА (Материалы IV Всероссийской профессиональной конференции с международным участием), отв. ред. С.Б. Синецкий. 2016 г., стр. 26-31
    Издательство: Частное образовательное учреждение высшего образования “Челябинский институт экономики и права им. М.В. Ладошина”(Челябинск)
  • Бөрүбаева Г.Н. Направления обеспечения устойчивого развития малых форм хозяйствования в АПК КР. «Агропродовольственная экономика», стр. 72-78. РФ. Научно-практический журнал, 2016 г.
  • Бөрүбаева Г.Н. Направления повышения устойчивого развития предприятий АПК в КР. Материалы IV международной научно-практической конференции «Общество и экономическая мысль в XXI в.: пути развития и инновации». Российский экономический университет им. Г. Плеханова РФ. 31.03.2016 г., стр. 66-70.
  • Бөрүбаева Г.Н. Разработка стратегической карты устойчивого развития предпринимательской деятельности. Международная научно-практическая конференция. «НОВАЯ НАУКА: ПРОБЛЕМЫ И ПЕРСПЕКТИВЫ». 26 августа 2016 г.,                   г. Стерлитамак, РФ.
  • Бөрүбаева Г.Н. Система факторов, определяющих стратегию устойчивого развития предпринимательской деятельности в сельском хозяйстве. Международная научно-практическая конференция. новая наука: современное состояние и пути развития. 30 августа 2016 г., г. Оренбург, РФ.
  • Бабаев С. A boundary value problem for an equation of composite and hyperbolic types of the fourth order with an interface line of on the plane. Asymptotical, Topological and Computer Methods in Math,Bishkek-Bozteri, Sept. 12-16, 2016
  • Бабаев С. О разрешимости задачи сопряжения для одного класса уравнения составного и гиперболического типов четвертого порядка на плоскости. Сборник статей по материалам ХLII международной научно-практической конференции «Естественные и математические науки в современном мире», г. Новосибирск, 2016, стр 87-98. Издательство АНС «СибАК»