Китепкана жөнүндө маалымат.

Институттун китеп фондунда 53730 даана китептер бар, анын ичинен 45 минге жакыны окуу куралдар, көркөм адабияттар, 7 минге жакын усулдук колдонмолор, 3 мин. илимий – популярдуу китептер түзөт. Бүгүнкү күндө фонддо 8 диссертация, 26 авторефераттар, 70тен ашуун окутуучулардын эмгектери, конференциялардын материалдары, илимий иштердин жыйнактары, реферативдүү журналдар бар. Экономикалык, техникалык, педагогикалык, табигый – коомдук, гуманитардык, айыл-чарбасы, аскер иши, медицина, спорт, маданият жана искусство, энциклопедия, сөздүктөр, справочниктер ж.б.  багыттар  боюнча 3 млн 700 мин 258 сомдук суммага турдүү китептер сатылып алынган. Окуу корпустарындагы 2 китепкана 60 орундуу окуу залы жасалгаланып, компьютерлер орнотулган. 2017-2018-жылдагы китепканалык көрсөткүч төмөнкүдөй: окурмандардын саны  – 1200, китептин берилиши 16420, студенттердин саны – 5121, катышуунун саны –13700, китептин айланышы – 0.29, окулушу – 13,6, китеп менен камсыздалуусу – 46.1, катышуу – 11,4. китептин айланышы – 0,29, берилиши – 16420, китепканалардын жалпы аянты 328,2м2. китепкана кызматкерлеринин саны – 4, билимдери 3 – жогорку, 1 – атайын орто билимдүү кызматкерлер.

Китепканада ар бир абононенттин өз алдынча китептер жана журналдар менен иштөөсүнө ынгайлуу шарттар түзүлгөн. Институттун китепканасында 8 компьютер орнотулуп электрондук китеп окууга шарт түзүлүп, дагы жалпы суммасы 45,075 сом тузгон 107 электрондук китептин компакт дисктери билим берүүнүн бардык багыттарына (философия, экология, «международное право», тарых, финансы жана менеджмент, педагогика, орус тили жана адабияты, англис тили, инф.технология, психология, криминалистика жана башкалар) карата сатылып алынган.

Китеп фонду институттун окуу программаларына ылайыкталган китептер менен камсыз болуп, окутуучулар тарабынан усулдук жардамдар катары ар бир сабакта колдонулат.

Акыркы мезгилде институттун жетекчилиги тарабынан китепканалардын жаңы китептер менен жабдылышына өзгөчө мамиле жасалууда. Мисалга алсак ушул эле окуу жылдын сентябрь-декабрь айларында эле 12050 сомго 191 даана бардык тармактарга китептер сатылып алынды. Китептердин сатып алынышы көбүнчө Бишкек шаарындагы «Раритет» дүкөнүнөн жана «Сильва» билим борборунан, ошондой эле «Аят» басмаканаларынан жүргүзүлөт. Окуу жайыбыздын кызматкерлеринин илимий чыгармалары, монографиялары, көркөм басылмалары жана усулдук колдонмолору менен китеп фонду камсыздалган. Республикалык ЖОЖдордун кабарлары, окумуштуулардын эмгектери жана чыгармалары фонддо орун алган. Аспирант жана илим-изденүүчүлөр үчүн бурч түзүлгөн. Диссертацияны жазуу, жасалгалоо жана керектүү документтер менен толуктанышы көрсөтүлгөн. Илимий наам, ага окутуучулукту кантип алынаарын көрсөткөн брошюралар менен толукталган.

Кыргызстан менен Россиялык басылмалар, газета-журналдар бардыгы болуп 25,849 сомду түзүп, жазылуулардын аталыштары жалпысынан 33 түрдүү экендигин белгилесек болот.

Китепкананын максаты институттагы билим беруудо жогорку сапатты камсыз кылуу менен биргеликте аны ишке ашыруу аркылуу массалык маалымат иштерди иш план боюнча оз убагында жургузулуп откорулуп турат, китепттерди толуктоо колдо бар китепттерди сапаттуу пайдалануу  студенттерди китепканага тартуу иштери колго алынууда.

Институттун эки факультетинде жана кесиптик орто билим берүү борборунда «Интернет» байланыштары иштеп жатат. Компьютердик программаларды түзүү, жаны технологияларды тейлөө, ондоо, түзөтүү жана монтаж, туташтыруу иштери жолго коюлуп жатат.  Кубаттуу компьютерлер, сканер, түстүү принтер, ксерокопия менен иштөөнү, видеостудияны жакшыртууга аракеттер жасалууда. 2010-2011-окуу жылынан баштап  электрондук библиотека ачылып, электрондук окуу куралдары сатылып алынды, компьютерлер орнотулду. ADSL жана wi-fi аппараты аркылуу интернет менен иштөөгө 35 компьютер, локалдык түйүнгө 45 компьютерлер туташтырылган, анын ичинен: Интернет борбордо – 11, лингофондук каанада –15, ИЭФде – 5,  КОБББ – 8, компьютер баары локалдык түйүн аркылуу байланыша алат. Институтта 6 компьютердик класс түзүлгөн.

Китепканачы:                       Айтемирова Ж.У.