БатМУ СГЭИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шадиев Мустапакул Ибрагимович

Баткен  мамлекеттик универиситетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык иниститутунун    орто кесиптик билим берүү бөлүмү 2008-жылдын 1-сентябрында Сүлүктү гуманитардык-экономикалык иниститутунун директорунун №131 буйругунун негизинде Кесиптик билим берүү борбору андан кийин орто кесиптик билим берүү бөлүмү болуп түзүлгөн.

Техника, экономика жана башка тармактар үчүн дүйнөлүк базарда атаандаштыкка даяр болгон, стратегия жана чыгырмачылык менен ой жүгүртүп, башкарууда эффективдүү чечимдерди кабыл алып, өзүнүн интелектуалдык жана илимий изилдөөчүлүк потенциалын дайыма жогорулатууга умтулган кадрларды даярдоо.

Бөлүмдүн негизги максаты – заман талабына жооп берген, терең билимдүү, эмгек базарында атаандаштыкка даяр жана эффективдүү ишмердүүлүккө жөндөмдүү, жогорку дэңгээлдеги адистерди даярдоо.

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү “Педагогика, экономика жана маалымат технологиялары”    кафедрасы жогоруда белгиленген          10багыттагы кесип ээлерин күндүзгү жана сырткы бөлүмүндө даярдайт.  Студенттерге билим берүүдө профессордук-окутуучулар курамында 3 илимдин кандидаты, 24 окутуучу эмгектенишет.

Профессордук-окутуучулар курамынын милдети – бөлүмдүн окуу, окуу-усулдук, илимий, коомдук, маданий жана эл аралык ишмердүүлүгүн, студенттердин илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү.

Бөлүмдүн стратегиялык өнүгүүсүнүн принциби – коомдун суроо талабына жооп берген сапаттуу билим берүү үчүн татыктуу программаларды ишке ашыруу.

Орто кесиптик билим берүү бөлүмү студенттердин татыктуу билим алуусун камсыздоо максатында билим берүү программасынын талаптарына жооп берген 13 аудитория, 4 лабораториялык каана, 3 компьютердик каана, 1 китепкана, студенттик жатакана, ашкана менен камсыздалган.

Лекциялык, практикалык, семинардык жана лабораториялык сабактардын түрлөрүн уюштурууда зарыл техникалык каражаттар (аудио-видео, проектор, компьютер ж.б.), интерактивдүү доскалар менен жабдылган атайын кааналар окутуу процессинде кеңири колдонулуп келет.

Окутуу мамлекеттик билим берүү стандартынын, окуу пландарынын жана окуу процессинин графигинин негизинде жүргүзүлөт.

Бөлүмдө даярдалып жаткан адистиктердин окуу планында көрсөтүлгөн өндүрүштүк, педагогикалык практикалары Сүлүктү шаарынын, Лейлек районунун мекеме, ишканалары менен түзүлгөн келишимдин негизинде өткөрүлөт. Келишимдер Сүлүктү шаарынын Билим берүү бөлүмү, Сүлүктү шаарындагы шахта башкармалыгы, Кыргызпочтасы, Социалдык фонд, Каржы бөлүмү, РСК банкы, АКБ “Кыргызстан” банкы, Сүлүктү ЖААК бөлүмү, “Тулпар” акционердик коому, Исфанадагы “Жибекжолу” акционердик коому менен түзүлгөн. Практиканын жыйынтыктарын чыгарууда атайын конференциялар, семинарлар уюштурулуп келет.

ОКБББнын профессордук-окутуучулар курамы республикабыздын окуу жайларында, коншулаш чет мамлекеттердин шаарларында (Астана, Алматы, Воронеж, Санкт-Петербург) өткөрүлгөн эл аралык илимий-теориялык, илимий-тажрыйбалык конференцияларга активдүү катышышып, илимий макалаларын жарыялап келишет. Ал эми, студенттердин илимий-изилдөө иштери да алгылыктуу жүргүзүлүүдө. Алсак, ОКБББнын студенттери СГЭИде жыл сайын өткөрүлгөн, салтка айланган студенттик конференцияларда өз активдүүлүктөрүн көрсөтүп келишет.

Абитуриент үчүнмаалымат 

Орто кесиптик билим берүү  бөлүмү төмөнкү багыттар боюнча адистерди  даярдайт:

  • «Авто унааларды техникалык тейлөө жана түзөтүү»
  • «Комьпютердик түйүндөрдү жана эсептөө техникасын техникалык тейлөө»
  • «Экономика жана бухгалтердик эсеп»
  • «Укук таануу»
  • «Салык жана салык салуу»
  • «Жер астындагы баалуу байлыктардын кендерин иштетүү»
  • «Электрдик станциялар, тармактар жана системалар»
  • «Мектепке чейинки билим берүү»
  • «Башталгыч класстарды окутуу»
  • «Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

Окуу мөөнөтү:   9-класстын көлөмүндө 2 жыл 10 ай,

11-класстын көлөмүндө 1 жыл 10 ай,

Сырткы бөлүм 2 жыл 10 ай.

Окууга конкурстун  негизинде кабыл алынат.

1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
previous arrow
next arrow
Shadow