Кафедра жөнүндө маалымат жана кафедранын тарыхы

                                    Башталгыч класстарды окутуу кафедрасы

 Даярдоочу багыты жана профили: 550 700 Педагогика  багыты  «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы  жана  методикасы »  профили

 БатМУ КГПИде педагогика багытындагы «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы”  профилдерин даярдоочу негизги кафедра болуп эсептелет. БатМУ КГПИнин педагогика факультетинин Башталгыч класстарды окутуу кафедрасы  22 жылдык тарыхка ээ, т.а. аталган кафедра  мурдагы эки кафедранын бириктирүүнүн негизинде уюшулган.

          БатМУ КГПИнин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен КГПИнин директору М.М. Тайировдун   2000-жылдын 12-августундагы  159 / 1 § 3 номерлүү  буйругу менен  “Педагогика жана дене тарбия ” факультетинде  «Педагогика жана психология» жана  “Дене тарбия ”кафедрасы болуп түзүлөт.

Башталгыч класстарды окутуу кафедрасы алгач 1998-жылы Табият таануу жана педагогика факультетинин карамында уйюштурулуп  2000-жылы №159  КГПИнин окумуштуулар кенешинин  чечиминин  негизинде  педагогика жана денен-тарбия факультетинин негизинде педагогика, психология жана БББУкафедрасы болуп кафедра башчы болуп  М.М.Колдошев  жетектеген.

 «Башталгыч билим берүүнүн усулияты» кафедрасы 2000-жылдын 12-августунда  КГПИнин директорунун № 150/ 1 буйругунун негизинде  «Педагогика, психология жана БББУ» кафедрасынын курамынан бөлүнүп, «Башталгыч билим берүүнүн усулияты» кафедрасы болуп уюшулган жана кафедраны  педагогика илимдеринин кандидаты, доцент С.Жапаров  2001-жылдын март айына чейин жетектеп келген. 2001-жылдын март айынан  ага окутуучу С.Отаханов 2003-жылдын сентябрь айына чейин жетектеген.

  2003-жылдын август айынан баштап  кафедранын  тажрыйбалуу агайыбыз педагогика илимдеринин кандидаты  доцент Миталипов К.М. 2021-жылдын майга  чейин эмгектенип келген . Ал жыйырма жыл мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы , тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор болуп иштеген жана учурда БатМУ КПИнин директору.  Ал  «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы», “Кыргыз тил” төш белгисинин ээси болгон .

2002-жылдан 2006-жылдар аралыгында  башталгыч билим беруу усулияты кафедрасы аталышта ага окутуучу Жороиев Абдисадир Арынович жетекткген. 2007-жылдан баштап Башталгыч билим беруу усулияты кафедрасын ага окутуучу Талипов Женишбек Салиевич жетектеген . 2011-жылдан 2013-жылдар аралыгында башталгыч билим беруу усулияты кафедрасын ага окутуучу Ж. Кошматова жетектеген. 2014-жылдан 2015-жыл аралыгында  т.и.к. Бердиев Асан Токсонович жетектеген.   2016-жылы структуралык озгоруулорго байланыштуу институт СПИ болуп озгоруп башталгыч билим беруу усулияты кафедрасын ага окутуучу Талипов Женишбек Салиевич жетектеген. 2018-жылдан баштап структуралык озгоруулорго байланыштуу институт КПИ болуп озгоруп Педагогика, Башталгыч билим беруу аталышта п.и.к. Мадумарова Малохат Косимовна жетектеген .Учурда структуралык озгоруулорго байланыштуу институт КГПИ болуп озгоргондугуно байланыштуу  башталгыч класстарды окутуу кафедрасын Талипов Женишбек Салиевич жетектеп келе жатат.

БАТМУ  КГПИ жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана алардын сапатын жогорулатуу максатында  окуу жайдын  жамааты 25 жылдан бери  эмгектенип келишүүдө.       Башталгыч класстарды окутуу  кафедрасы БатМУ КГПИде башталгыч билим беруу профили боюнча  дисциплиналарын тейлөөчү негизги кафедра болуп эсептелет. БатМУ КГПИнин Башталгыч класстарды окутуу  кафедрасы 25 жылдык тарыхка ээ.       

          Педагогика жана психология  кафедрасы  жаңыдан уюшулган жылдары илимдин    докторлорунан  Н.С.Темиров,   илимдин    кандидаттарынан тажрыйбалуу доценттер Р.П.Анаркулов, С.Жапаров, Б.Сиддиковдор эмгектенишкен.  2008-жылдын сентябрынан тартып «Педагогика жана психология» кафедрасын дасыккан педагог, өз ишинин      устаты Т.К.Касымов жетектеген. Анын жаштарды тарбиялоого арналган бир топ педагогикалык эмгектери басмадан китеп болуп басылып чыккан.

.

Кафедра «Педагогика жана дене тарбия» деген ат менен 2013-2014- окуу жылында  бакалавр программасы боюнча түзүлгөн окуу пландарындагы дисциплиналарды окутуу үчүн кредиттик саат эсебин өзүнчө жүргүзүү максатында дистанттык билим берүү технологиялары бөлүмүнүн алдында 2013-жылдын 3-сентябрында түзүлгөн.

  Кафедра      550 700 педагогика багыты боюнча “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы”  профилине тиешелүү болгон окуу пландарындагы жалпы математикалык жана табигый илимдер жана кесиптик дисциплиналар блогундагы предметтерди окутуу менен күндүзгү жана аралыктан  билим берүү технологияларын пайдалануу менен сырттан окутуу формалары боюнча кадрларды даярдоого багытталган. Жогорку билимдүү мугалимдерди даярдоодо кафедранын  ээлеген орду өзгөчө жана аткарган милдети чоң. Болочок мугалимдерди  эртеңки кесиптик камылгасы үчүн зарыл болгон окутуунун , тарбиялоонун, психологиянын жана педагогиканын классикалык жана элдик теориялары, практикалары менен куралдантат.

         Институттун  педагогика факультетинин Башталгыч класстарды окутуу кафедрасы  жалпы профессордук-окутуучулук курамы жогорку квалификациялуу окутуучуларды даярдайт.

Баткен   дубанындагы   мектептерде   учурда сапаттуу башталгыч билим берүү мугалимдерине талап   болуп   жаткандыгына   байланыштуу  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү тууралуу” Мыйзамына ылайык БатМУнун структураларынын ичинен илимий-педагогикалык,  материалдык-техникалык   мүмкүнчүлүгү  жогору болгон  социалдык-педагогикалык институтунда бакалавр академиялык даражасы боюнча күндүзгү жана дистанттык окутуу технологияларын пайдалануу менен сырттан окутуу формаларында  2012-жылдан тартып заманбап кадрларды даярдоо  ишмердиги башталган.

Түзүлгөн окуу планына ылайык бакалаврды даярдоонун негизги билим берүү программасынын төмөнкүдөй окуу баскычтарын өздөштүрүүнү милдеттердирген, алар:

– Б1 – гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл;

– Б2– математикалык жана табигый-илимий цикл;

– Б3 – кесиптик цикл;  бөлүмдөр

– Б5 – практика жана же илимий изилдөө иши;

 Окуу планынын  гуманитардык, социалдык жана экономикалык циклында  2013-жылдын 28-августундагы №556\1(Об утверждении Требований к структуре,  трудоемкости и обязательному минимуму содержания дисциплин) буйругу боюнча жалпы 1080 саат (36кредит), мында базалык бөлүгүндө 1020саат (34кредит), вариативдик бөлүгүндө 60 саат (2 кредит) көрсөтүлгөн. Бул циклдеги вариативдик бөлүктө сегиз дисциплина (маданият таануу, дин таануу, психология, педагогика, саясат таануу, укук таануу, социология, экономика) сунушталып, ЖОЖ тарабынан бир дисциплинаны тандоо мүмкүнчүлүгү берилип, мында БатМУ КПИнин ОУКи тарабынан маданият таануу дисциплинасы тандалып, окуу планына киргизилген.

Ал эми математикалык жана табигый-илимий циклы базалык жана вариативдик бөлүктөн туруп, жалпы цикл үчүн 420сааттан(14 кредит) 1260саатка(42 кредит) чейинки аралыгында бардык билим берүү багыттары үчүн көрсөтүлгөн. Базалык бөлүктүн көлөмү 50%дан кем эмес, ал эми калган бөлүгү ЖОЖ компонент жана студенттердин тандоо курсуна бөлүштүрүү талап кылынган. Мында базалык бөлүк үчүн 300саат(10кредит) жана ЖОЖдук компонентке 60саат(2 кредит), студенттин тандоо курсу үчүн 60 саат(2 кредит), жалпы 420саат(14 кредит) пландаштырылып, талапка ылайык окуу планына киргизилген.  550 700 Педагогикалык билим берүү  багытындагы  550 700 Педагогика профили боюнча түзүлгөн окуу планынын кийинки цикли негизги билим берүү программасынын атайын бир түрүнө жана кесиптик ишмердүүлүктүн обьектисине карата,  башкача айтканда профилдерге карата кесиптик дисциплиналар деп аталып, ал жогорку циклдердей эле эки базалык жана вариативдик бөлүктөн туруп,  базалык бөлүк 1 380саат  (46 кредит) жана вариативдик бөлүк 2520 саатты (84 кредит) камтыйт жана вариативдик бөлүк ЖОЖдук компонент жана студенттин тандоо курсунан турат.

Аталган билим берүү  багыты боюнча окуу планынын кийинки цикли практикадан турат. Практикалар боюнча: көнүктүрүү-педагогикалык (120саат=4кредит), кесиптик-базалык (240саат=8кредит), кесиптик-профилдик (480 саат=16 кредит) түрлөргө бөлүнүп, жалпы  840саат (28кредит) көлөмүн түзөт. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо Ата Мекен тарыхынан (60саат=2кредит), жалпы мамлекеттик аттестация (120саат=4кредит) жана дипломдук ишти коргоодон (120саат=4кредит) туруп, жалпы көлөмү 300саатты (10 кредит)түзөт. 

 Даярдалып жаткан билим берүү багыттары боюнча профилинде окуу планына ылайык дисциплиналар үчүн кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик стандарттын негизинде силлабустар, жумушчу программалар иштелип чыккан жана коюлган талаптарга  жооп берет. 

Башталгыч класстарды окутуу  кафедрасынын Башталгыч билим берүүнун педагогикасы жана методикасы кафедранын 550700 Педагогика багыты боюнча  адистерди даярдооо жогорку кесиптик билим берүүдөгү НББПнын негизинде иш алып барат.

  БатМУнун  миссиясынын  негизинде аныкталган. БатМУнун миссиясы: “Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн илимий, чыгармачылык потенциалы жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү жана көп тилдүү адистерди даярдоо”.

Бул миссияга ылайык педагогика багытында “бакалавр” академиялык баскычындагы адистерди даярдоодо төмөнкү максаттар аныкталган:

1-максат: Ар тараптан өнүккөн, өз алдынчалуулук сапаттарга ээ, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүүгө салым кошкон жогорку маалыматтуу башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо;

2-максат: Кесиптик чеберчилигин арттыруу жана үзгүлтүксүз билимин өркүндөтүү максатында  мезгил талаптарына шайкеш келген этикалык, интеллектуалдык, гумандуулук жана толеранттуулук сапаттарына ээ болгон педагог-тарбиячыны даярдоо;

3-максат: Мамлекеттик билим берүү стандартынын талабына ылайык гуманитардык, социалдык жана экономикалык, математикалык багыттардагы билимдердин комплекси менен келечектеги адистердин методикалык муктаждыктарын камсыздоо жана методикалык чеберчилиги мыкты педагогдорду даярдоо;

4-максат: Студенттердин патриоттуулук сезимдерин, жалпы адамзаттык баалуулуктарды кабыл алууларын арттыруу жана дүйнөгө илимий бүтүн системалуу көз караштарын түзүү менен кенже класс окуучулары үчүн зарыл болгон түшүнүктөрдү илимий негизде калыптандыруу максатында потенциалы жогору көп тилдүү педагогдорду даярдоо.

Кафедранын окуу- методикалык маселеси: КР билим берүү стандартына ылайык бакалавр адистерин даярдоонун мазмуну жана структурасын жаңылануусун эске алуу менен педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын камсыздоо;

Илимий- изилдөөчүлүк маселеси: Баткен областынын илимий потенциалын жогорулатууга салым кошуу; студенттердин илимий- изилдөөчүлүк иштерин жандандыруу;

Уюштуруу-методикалык маселеси: “Педагогикалык билим берүү профилдерин даярдоо сапатын жогорулатуунун заманбап аспектилерин колдонуу” кафедралар аралык усулдук семинардын системалык иштөөсүн камсыздоо

550 700 Педагогика багытындагы Башталгыч билим берүүнун педагогикасы жана методикасы профилинде күндүзгү бөлүмдө 4 жылдык, дистанттык окутуу технологияларын пайдалануу менен сырткы бөлүмдө 5 жылдык мөөнөт менен билим алып жатышкан 2021-22-окуу жылында окуган студенттердин  саны төмөнкүдөй.

1-таблица. Студенттердин контингенти

КурсГруппаСтуд.саныБаары онтракт) 
Күндүзгү бөлүм 
1-курсПББ-1-2024159
ПББ-2-201257
2 курсПББ-1-1923158
ПББ-2-19311912
3-курсПББ-1-181156
ПББ-2-18211011
ПББ-3-1815141
4-курсПББ-1-17                  22148
ПББ-2-1719145
ПББ-3-1718162
Баары к/б:                19612769
  
1-курсДПК-1-206360 
1-курсДПК-2-205454 
1-курсДПК-3-205454 
1-курсДПК-4-205454 
1-курсДПК-5-205454 
2-курсДПК–194949 
3-курсДПК-1-188080 
3-курсДПК-2-187676 
3-курсДПК-3-186969 
4-курсДПР-1-175454 
4-курсДПР-1-177272 
4-курсДПР-2-177373 
4-курсДПР-3-177373 
        5-курсДПК-1-166666 
5-курсДПК-2-165151 
5-курсДПК-3-164949 
5-курсДПК-4-165050 
5-курсДПК-5-164949 
Баары с/б:310901090 
Жалпы:61286 

Кафедрада жалпы 10 ПО курам эмгектенет. Анын курамында  1 илимдин доктору, профессор, 4 илимдин кандидаттары (1 доцент, 4 доценттин милдетин аткаруучу), 4 улук окутуучу, 4 окутуучу эмгектенет.

           Учурда профильди даярдоодо эмгектенишет:

  1. Тайиров Миталип Муратович – ф-м.и.д., профессор  
  2. Мадумарова Малохат Косимовна – п.и.к., доцент,
  3. Жороиев Абдисадир  Арынович – ага окутуучу;
  4. Талипов Жеңишбек  Салиевич – ага окутуучу; кафедра башчысы
  5. Боркошев Мераждин Маматкулович- п.и.к., кафедранын доценти
  6. Урайымова Гулгакы Мурзалиевна- ага окутуучу.
  7. Матаева Гулжан Жунусовна –  окутуучу
  8. Калмурзаева Анипа Ташбаевна- илимдин кандидаты
  9. Турдумаматова Чолпонай Сагынбаевна- окутуучу
  10.  Кашматова Жамиля Ашировна- п.и.к.,кафедранын доценти;
  11. .Ураимов Шайдилла- т.и.к., кафедранын доценти,
  12.  Максутов Замирбек Нурмаматович- п.и.к., кафедранын доценти;
  13.  Азимбаев Базарбай  Азимбаевич -п.и.к., кафедранын доцен
  14.  Калыков Бексултан Осмонович  –  ага окутуучу;

Кафедрада атайын түзүлгөн номенклатуранын негизинде кафедралык иш кагаздар, окуу-методикалык иштер жүргүзүлөт. Кафедранын штаттык формуляры жана штаттык жадыбалы түзүлүп бекитилген. Саат жүктөмдөрү, сводная ведомосттор атайын папкаларга тиркелген. Мугалимдердин жекече иш пландары толтурулган. Өз ара сабактарга катышуу жакшы жолго коюлган. Институт жана факультеттер тарабынан чыгарылган чечимдер кафедранын окутуучулары тарабынан өз убагында талкууланып, тийиштүү чаралар көрүлүп турат. Студенттерди окутууда окутуунун модулдук-рейтинг системасын колдонуу жакшы жолго коюлган. Семестр ичинде түзүлгөн графиктин негизинде окутуучулар  студенттерден модулдарды кабыл алышып, алардын билимдерин балл менен баалап турушат. Окутуучулар тарабынан студенттерге өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилип турат жана алардын жыйынтыктары текшерилет.  Студенттер окуу жайдагы, регионалдык жана областтык олимпиадаларга катышышып, жакшы ийгиликтерге жетишишти.

 Мугалимдерди жетиштүү санда даярдап чыгаруу оңой көрүнгөнү  менен аларды тиешелүү сапаттык деңгээлде даярдоо иши  кыйын маселе экени талашсыз.  Бул маселени чечүүгө жолтоо болгон бир топ себептер бар экени коомчулукта кызуу талкууланып келе жатат. 

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кия гуманитардык-педагогикалык институту педагогикалык кесиптердин рейтинги жогорулап, алардын рентабелдүүлүгү өсүп бара жатканын айтууга болот.  Эң негизгиси, институт өзүнүн педагогикалык жогорку окуу жай катарындагы  миссиясын сактап, тескерисинче, бекемдөө   менен татыктуу аткарууда. Бул үчүн, эң оболу, институтта педагогика адистиги боюнча сапаттуу илимий-педагогикалык эмгек жамааты куралган. Педагогика илимдеринин  кандидаттарынын,  профессорлору менен доценттеринин саны боюнча   БатМУ КГПИ университет боюнча алдыңкы орунда турат.

Кафедранын окутуучулары илимий-методикалык конференцияларга жана семинарларга активдүү катышып келүүдө. Ар бир окутуучу илим-изилдөө иштерин жандандыруунун үстүндө эмгектенишет. Окутуучулар эл аралык, регионалдык конференцияларга макалаларды, баяндамаларды жазышып, катышып келишет. Кафедранын доценттери К.Миталипов, М.Мадумарова, Ш.Ураимов, З.Максутовдор жаш окутуучуларга жардам беришип, кеңештерин беришүүдө.

          П.и.к., доцент К.М.Миталиповдун “Элдик педагогиканын негизинде башталгыч класстардын окуучуларында толеранттуулукту калыптандыруу”, п.и.к., доцент М.М.Боркошевдин “Кыргызстандагы мектепке чейинки балдардын дене-тарбиясынын өзгөчөлүктөрү», к.п.н., доцент З.М.Максутовдун                «Мугалимдерди даярдоо жараянында диагностикалык камсыздоо системасы», п.и.к., доцент М.К. Мадумарованын   «Жогорку окуу жайларда Манас таануу курсун тарых предмети менен интеграциялап окутуунун илимий-методикалык негиздери» деген темадагы илимий изилдөөлөрүн  студенттер жана жаш илимпоздор, мугалимдер окуу жана илимий иштеринде пайдаланышып келишет.

      Кафедранын окутуучулары жогорку билим берүү программасына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окуу методикалык комплекстерин даярдап, факультеттин усулдук кеңеши менен макулдашып бекиттиришкен. Кафедрадагы   М.Мадумарова, К.Миталипов, Ж.Кашматова, Б.Азимбаев, М.К.Тешебаев сыяктуу  окутуучулар тарабынан окуу куралдары жана окуу китептери жазылган. А.Т.Калмурзаева “Эки өлчөмдүү Навье-Стокс теңдемелеринин сандык чыгаруунун программасы” боюнча автордук күбөлүк, түзүшкөн жана сабак өтүүдө инновациялык технологияларды, ачык билим берүү ресурстарын (edu.ru; ru.wikipedia.org), университеттин электрондук библиотекаларын (ibooks.batmu.kg), AVN ИСнын билим берүү порталын, 205, 204, 220-мультимедиялык класстар, окуу ресурстарын (Компьютердик каана) колдонушат. Калган окутуучулар да окуу усулдук колдонмолорду  жазууну пландаштырып,  анын үстүндө иштеп жатышат.

   2010-2022-жылдар аралыгында кафедранын мүчөлөрү тарабынан 40 ашык илимий-методикалык макалалар, 6 окуу- усулдук колдонмо жарык көрдү.

       Окуу процесинин маалыматтык жана библиотекалык камсыз болушу

 Студенттердин окуу адабияттары менен камсыздалуусу каралган. Китеп фонду тийиштүү дисциплиналар боюнча жаңы китептер, окуу куралдары, окутуучулардын окуу-усулдук колдонмолор менен жыл сайын  толукталып турат.

Педагогикалык билим багыты боюнча акыркы 10 жылда чыккан гуманитардык, социалдык-экономикалык цикл боюнча 23 929, табигый илимдер боюнча 8 139, кесиптик дисциплиналар боюнча 13 254 окуу китептери бар.

Институттун базасында электрондук китепкана 1-окуу имаратынын 1-кабатында жайгашкан. Анда бардык окуу дисциплиналары боюнча электрондук материалдар киргизилген. Ал аркылуу студенттер жана окутуучулар электрондук китепканага кирип пайдалана алышат.

Окуу жай шаардык жана башка китепканалар менен келишим түзүп биргеликте окуу китептери менен студенттерди камсыз кылышат.

Факультеттин   бардык  зарыл  болгон   илимий  усулияттык   жана  мезгилдүү  алабияттар,  окулуктар   жана  окуу  куралдары,  электрондук  окулуктар   жана  окуу – усулияттык  куралдар   менен  камсыздалып,  адистиги  боюнча  китеп  фондунун  абалын  канаатандыраарлык   деп  белгилөөгө   болот. Китеп   фонду  3461  экземпляр   болгон  илимий – усулияттук  жана   окуу – усулияттык   адабияттар,   окулуктар  жана   окуу  куралдары  менен  толукталган .  Анда  басылган    адабияттар  басымдуулук  кылат.

Студенттер өз адистигин өздөшүрүү үчун окуу китептерин окуу залдарында пайдалануу  жана үйдө даярданууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Педагогикалык билим берүү багытына тиешелүү  2000 китеп бар, андан 30% и 2000-жылдан кийин чыккан китептер.Алар:

Педагогика дисциплиналарынан 700 даана

Психология дисциплинасынан  600 даана

Алардын ичинен:   Окуу куралдары-835 даана,

Окуу колдонмолор- 210, Сөздүк- 250 даана,  Энциклопедия – 5 даана              

Башталгыч класстарда эне тили, кыргыз тили  50 даана

Башталгыч класстарда музыканы окутуунун усулу предметинен 50 даана

Башталгыч класстарда математиканы окутуунуну сулу 55 даана

Көркөм өнөржана искусство 60 даана

Мекен таанууну окутуунун усулунан 50 даана

Мектеп программасындагы китептерден 900 даана китеп бар.

                             Материалдык-техникалык база

Институттун жалпы пайдалуу аянты 45 275 м2. Орто эсеп менен бир студентке бөлүнгөн жалпы пайдалуу аянт 17,7 м2 туура келет. Окуу жайдын балансында 3 окуу корпусу бар. Жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн корпустардын баарынын аянттары пайдаланылат. Ар бир факультетке аудиториялык фонд бөлүнүп берилген, алар негизинен: лекциялык, лабораториялык – практикалык, семинардык сабактар үчүн уюштурулган окуу аянттары. Окуу процессинде 75 аудитория, алардын ичинен 8 лаборатория, 120 компьютер менен жабдылып интернетке толугу менен туташкан жана wi-fi менен да камсыздалган. Адистикке тиешелүү лекциялык, практикалык сабактарды өтүү үчүн төмөнкүдөй материалдык техникалык базага ээ. Кафедрага тиешелүү болгон бардык дисциплиналар менен иштелген жумушчу программалар, силлабустар, ОМКлар,  окуулуктар, окуу-методикалык колдонмолор менен камсыздалган. Кафедрада студенттердин тиешелүү деңгээлде билим алуу үчүн материалдык  – техникалык  база   толугу менен түзүлгөн.

Педагогикалык билим берүү багытындагы профилдерге тиешелүү кааналар

Каананын аталышыЖооптуу окутуучуАянты
 301-педагогика каанасыМатаева Г.7,33 х 10,20= 73,95 м2
 302- башталгыч класстарда көркөм сүрөтТалипов Ж.9,25 х 7,25=67,06 м2
 303-музыканы окутуунун усулу каанасыУраимов Ш.9,25 х 7,25=67,06 м2
 304-башталгыч класс математикасын окутуунун усулу каанасыУрайымова Г.М.9,25 х 7,25=67,06 м2
 305- педагогика жана психология каанасыКашматова Ж.А.9,25 х 7,25=67,06 м2
 308- лекциялык зал7,25 х 11,45 = 83,01 м2
 311-  этнопедагогика каанасыМадумарова М.К.9,25 х 7,25=67,06 м2
 312-башталгыч класстарда эне тилин окутуунун усулу каанасыТурдумаматова Ч.9,25 х 7,25=67,06 м2
 201-математиканы окутуунун каанасыКалмурзаева А.9,25 х 7,25=67,06 м2
 105-орус тилин окутуунун усулу каанасыТурсунова Н.9,25 х 7,25=67,06 м2
             Баары: 693,44 м2