Педагогика жана психология кафедрасы 2021 – жылдын 15-сентябрындагы БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т. Гыязовдун буйругуна ылайык Педагогикалык билим берүү кафедрасынын эки кафедрага бөлүнгөндүгүнө байланыштуу  түзүлгөн. Педагогика жана психология кафедрасын педагогика илимдеринин кандидаты, БатМУнун доценти Кашматова Жамиля Ашировна жетектеп эмгектенет.

       Кафедра Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык 550700 – педагогика багыты боюнча бакалавр академиялык даражасындагы студенттерди башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профили боюнча тейлейт жана адис катары даярдап чыгарат.

                 550700 – педагогика багытынын  «Башталгыч билим        берүүнүн педагогикасы жана методикасы» профили боюнча адистерди даярдоонун    билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы негизги билим берүү программасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн максаты болуп: ааламдашуу доорунун шарттарында компетенттүүлүккѳ багытталган үзгүлтүксүз билим берүүнүн кесиптик милдеттерин чечүүгѳ жѳндѳмдүү педагогдорду даярдоо саналат.

       Аталган адистиктеги студенттерге окуу планында көрсөтүлгөн дисциплиналар боюнча билим берет, адаптациялык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик жана диплом алдындагы практикаларды уюштурат.   

      Педагогика жана психология кафедрасы мындан сырткары институтта билим алып жатышкан башка профилдеги студенттерге педагогика жана психология предметтеринен билим берет.       

       Азыркы учурда  педагогика жана психология  кафедрасында 9 профессордук-окутуучулук курам эмгектенет. Алардын ичинен илимдин кандидаттарынын жана доценттердин саны – 4; ага окутуучулардын саны – 2; окутуучулардын саны –3.

     Педагогика жана психология кафедрасы башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинде окуган студенттер окуу планына ылайык окутуунун күндүзгү бөлүмүндө 4 жыл,  ал эми сырткы бөлүмүндө 5 жыл окуп билим алгандан соң, бүтүрүү мамлекеттик аттестациялык экзамендерин жана квалификациялык иштерди коргоону уюштурат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профили  боюнча квалификацияны ыйгарууга көмөк көрсөтөт.