Кафедранын кыскача тарыхы. 2004-жылдын 1-октябрында БатМУ КГПИнин директорунун ( №6/1, §9, 01.10.04) буйругу менен “Кыргызстан тарыхы” кафедрасы болуп түзүлгөн. Кафедраны 2014-жылдын 1-сентябрына  чейин ага окутуучу А. Т. Бердиев жетектеп келген. 2014-жылдын 1-сентябрынан баштап ага окутуучу Б. А. Сыдыков жетектеп келсе, 2016-жылдын 1-февралынан тартып кафедрага доцент А. Ш. Абдикеримов кафедра башчысы (буйрук №6/1, §9, 01.02..16) болуп дайындалган. 2016-жылдын 1-сентябрында БатМУнун ректору проф. А. М. Зулпуевдин буйругу (№6/1, § 1, 01.09. 16.)  менен «Кыргыз тили жана тарых кафедрасы”  болуп түзүлгөн. Кафедра 2 багыт социалдык-экономикалык билим берүү жана кыргыз тили жана адабияты боюнча: тарых жана кыргыз тили профилдерин тейлеген.  «Кыргыз тили жана тарых» кафедрасы  бакалаврдык жогорку билим даражасынын соцаилдык экономикалык билим берүү жана филологиялык багыттары боюнча окутуунун күндүзгү формасында «тарых» жана «кыргыз тили жана адабияты» профилдери  боюнча болочок  адистерди даярдап келсе, 2020-жылды 1-сентябрынан  Институттун карамагындагы «Факультеттер аралык билим берүү» кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына, доцент А. Ш. Абдикеримов дайындалган. 2021-жылы 1-сентябрдан тартып, гуманитардык факультетинин, “Кыргыз тили жана тарых” кафедрасы болуп түзүлүп, эки профилди “тарых “жана “кыргыз тили жана адабияты” профилдерин жана факультеттер аралык дицсиплиналарды  тейлеп иштеп келе жатат.

Окуу жана окуу-усулдук иштер. Жогоруда белгиленген профилдерде билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн окуу планы  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү тууралуу” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган тартиптеги билим берүү алкагындагы жана башка дагы нормативдик, укуктук актыларына ылайык, Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандарттарына (2018-жылдын 30-июнундагы №592/1,  2018-жылдын 28-августундагы №556/1(Об утверждении требований к структуре,  трудоемкости и обязательному минимуму содержания дисциплин),  2018-жылдагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигин алдындагы окуу- усулдук бирикменин жобосуна   ылайык  иштелип чыккан.

Кафедранын штаттык курамы:

Ф.А.А.илимий даражасыилимий наамыээлеген кызматы
 Абдикеримов Абийбилла Шамшиевичтар. ил.канд.доцентдоцент. каф. башчысы
 Бердиев Асан Токсоновичтар. ил.канд.доцентдоцент.
 Азимбаев Базарбайпед.ил.канд.доцент.доцент.(орунташтыкта)
 Ураимов Шайдила.тар. ил.канд.доцентдоцент.(орунташтыкта)
 Сыдыков Баястан Абдимиталипович.   ага окутуучуага окутуучу
 Каранова Толгонай Нурбаевнапед..ил.канд. доцент      профессор        
 Пахыров Курсанфил.ил.канд. доцент       профессор         
 Кайымова Фарида Мурзакамиловна    ага окутуучуага окутуучу 
 Көчкөнов Абдилазиз   ага  окутуучу   ага  окутуучу
 Макситова Тазасуу Кочкоровна окутуучу      окутуучу
 Исмаилова Ибадат Мусаевна окутуучу      окутуучу
12Омүрбек кызы Сезимай  иш алып баруучу
     

 Кафедранын профессордук- окутуучулук курамынын сандык жана сапаттык көрсөткүчү төмөнкүдөй:

2021-2022- окуу жылы
кафедранын аталышыпрофессордоцентага окутуучуокутуучужалпы саны
кыргыз тили жана тарых233311
пайыздык көрсөткүч:1927%27%27%100%

Окуу –   усулдук иштер. Кафедрада атайын түзүлгөн номенклатуранын негизинде кафедралык иш кагаздар, окуу-методикалык иштер жүргүзүлөт. Кафедранын штаттык формуляры жана штаттык расписаниелери түзүлүп бекитилген. Саат жүктөмдөрү, сводная ведомосттор атайын папкаларга тиркелген. Мугалимдердин жекече иш пландары толтурулган. Өз ара сабактарга катышуу жакшы жолго коюлган. Институт жана факультеттер тарабынан чыгарылган чечимдер кафедранын окутуучулары тарабынан өз убагында талкууланып, тийиштүү чаралар көрүлүп турат. Кафедранын мүчөлөрү коомдук жумуштарга активдуу катышышат. Кафедра мүчөлөрү тажрыйбалуу окутуучулар доцент Б.Азимбаев, А.Абдикеримов, А.Бердиев жана башка агайлардын ачык сабактарын уюштуруп катышып, кафедра окутуучулары өздөрүнүн тажрыйбаларын арттырууда. Ал эми тажрыйбалуу педагогдор өздөрүнүн окуу-методикалык китептерин жазышып, басмадан чыгарууга жетишишкен.

Окуу жараянына AVN маалыматтык системасы орнотулуп, ага тиешелүү документтердин (окуу пландары, сааттардын эсеби, студенттер жана окутуучулар тууралуу маалыматтар, жетишүү ведомосттору, тесттик суроолор, Жумушчу программалар, силлабустар, ж.б.) жүктөлгөн жана окуу процессин толук автоматташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Студенттерди окутууда окутуунун модулдук-рейтинг системасын колдонуу жакшы жолго коюлган. Семестр ичинде түзүлгөн графиктин негизинде окутуучулар  студенттерден модулдарды кабыл алышып, алардын билимдерин балл менен баалап турушат. Окутуучулар тарабынан студенттерге өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилип турат жана алардын жыйынтыктары текшерилет.  Студенттер окуу жайдагы, регионалдык жана областтык олимпиадаларга катышышып, жакшы ийгиликтерге жетишишти.

Өндүрүш менен байланыштар. Кафедра социалдык-экономикалык билим берүү жана кыргыз тили жана адабияты багыттары боюнча, тарых профилин тейлегендиктен Кызыл-Кыя шаарынын БББ, Ноокат РБББ, Кадамжай РБББ, Араван РБББ менен тыгыз байланышта иш алып барат, алар менен атайын үйрөнчүк практикаларды, педагогикалык практикаларды, мамлекеттик практикаларды  өткөрүү максатында келишимдер түзүлгөн. Аймактагы жалпы орто мектептер менен жекече да келишимдер бар.

Илим – изилдөө  иштери. Кафедранын окутуучулары Республиканын ар кайсы шаарларында жана коңшулаш өлкөлөрдөгү өткөрүлгөн илимий конференцияларга катышып келүүдө жана илимий–изилдөө иштери профессордук–окутуучулар курамы тарабынан гана жүргүзүлбөстөн, студенттер да университеттик, регионалдык деңгээлдеги түрдүү конференцияларга, семинарларга илимий докладдары менен катышып турат.

2015-жылдын 15-апрелинде КРнын Өкмөтүнүн Баткен областы боюнча өкүлчүлүгү менен биргеликте БатМУнун базасында Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата “Өрүкзардын улуу инсандары” аттуу илимий-практикалык конференция болуп ага кафедранын окутуучулары макалалары менен катышып келишкен. доценти т.и.к.,доцент А.Бердиев А.Масалиев Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери деген темадагы доклад менен катышты

2015-жылдын 17-апрелинде БатМУ КГПИде Исхак Асан уулу Полот хандын 1175 жылдыгына арналган илимий конференция Мурас коому тарабынан уюштурулуп, ага кафедранын окутуучулары  Б. Азимбаев, А. Ш. Абдикеримов, Б. А. Сыдыков. Ө. М. Мусаев. А. Эргешовдор катышып докладдарын окушту жана жазган макалалары атайын жыйнакта жарык көрдү. Кафедранын окутуучулары илимий-методикалык конференцияларга жана семинарларга активдүү  катышып келүүдө. Ар бир окутуучу илим-изилдөө иштерин жандандыруунун үстүндө иштеп келүүдө. Кафедранын окутуучулары илимий-методикалык конференцияларга жана семинарларга активдүү  катышып келүүдө. Ар бир окутуучу илим-изилдөө иштерин жандандыруунун үстүндө эмгектенишет. Окутуучулар эл аралык, регионалдык конференцияларга макалаларды, баяндамаларды  жазышып катышып келишет. Кафедранын доценттери, п.и.к Б.Азимбаев, т.и.к. А.Абдикеримов, т.и.к А.Бердиев  жаш окутуучуларга жардам беришип, кеңештерин беришүүдө.Кыргыз тили жана тарых” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын  илимий темалары:

Окутуучулар Ф.А.ЖИлимий кызматы, наамыИлимий темалары
1Абдикеримов. А. Ш.тар.ил.канд. доцентКыргызстандын 80 – 90-жж. коомдук-саясий кыймылдарында улут маселесинин көтөрүлүшү.
2Бердиев А. Т.тар.ил.канд. доцентА. Масалиев Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери.
3Азимбаев. Бпед.ил.канд. доцентБаткен областынын тарыхый инсандары жана алардын мамлекеттик ишмердиги.
4.Ураимов. Ш.тар.ил.канд. доцентСанжыра кыргыз тарыхындагы тарыхый булак катарында.
5.Сыдыков. Б. Аага окутуучуКызыл-Кыя шаарынын тарыхы.
6.Каранова Т. Н.пед.ил.канд. профессорОкутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы.
7.Пахыров К.фил.ил.канд. профессорЭ. Эрматовдун чыгармачылыгы.
8Кайымова Ф. М.ага окутуучуКыргыз тили боюнча тилдик – граматикалык талдоолорду жүргүзүү

Кафедранын ага окутуучусу  Бердиев.А. Т.  2015-жылдын 30-январында «А.Масалиев Кыргызстандын көрүнөктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери.» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.  Ураимов. Ш. «Кыргызстандын тарыхын изилдоодо санжыра тарыхый булак катары»  деген темадагы кандидаттык диссертациясын 2018 – жылы коргоду. 2015-2021-жылдар аралыгында кафедранын мүчөлөрү тарабынан 40 тан ашык илимий – методикалык макалалар, 4 окуу- усулдук колдонмо 4 монография жарык көрдү. Кафедранын окутууучуларынын негизги илимий багыты болгон «Кыргызстандын түштүк-батышындагы филологиялык, тарыхый-этнографиялык жана археологиялык  маалыматтарды изилдөө» деген теманын үстүндө иш алып барышууда.