1. Кафедранын тарыхы, максаты жана милдеттери

    Социалдык жана гуманитардык илимдер   кафедрасы 2009-жылдын 1-октябрында №12/1 §6 буйругунун негизинде “Кесиптик дисциплиналар” секциясы түзүлгөн. Секция башчысы болуп Ч.А.Мадиярова, андан кийин 2012-жылдын 1-сентябрынан Б.Исманалиева жетектеген. 2017–жылдын 1-сентябрынан секциянын аталышы “Гуманитардык илимдер” кафедрасы деп өзгөрүп, кафедра башчысы кызматына Х.Р.Таиров дайындалган. 2021 – жылдын 15-сентябрындагы БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун буйругуна ылайык педагогика жана психология кафедрасынын сааты көп болгондугуна байланыштуу “Социалдык педагогика” адистиги гуманитардык илимдер кафедрасына өтүп, “Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасы  түзүлгөн. Учурда кафедраны Жунусова Гулназа Абсатаровна жетектейт. “Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык

550711 – Социалдык педагогика адистигин тейлейт жана адис катары студенттерди даярдап чыгарат. 550711 – Социалдык педагогика адистиги боюнча адистерди даярдоонун    билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы негизги билим берүү программасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн максаты  ааламдашуу доорунун шарттарында компетенттүүлүккѳ багытталган үзгүлтүксүз билим берүүнүн кесиптик милдеттерин чечүүгѳ жѳндѳмдүү педагогдорду даярдоо саналат.        Аталган адистиктеги студенттерге окуу планында көрсөтүлгөн дисциплиналар боюнча билим берилип, окуу, педагогикалык жана мамлекеттик практикалар уюштурулат. Мындан сырткары “Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасында башка адистиктерге да кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, эне тил, эне тилин окутуунун теориясы жана методикасы,  чет тили, манас таануу, философия, укук таануу, дүйнөлүк жана Ата-Мекендин маданияты, балдар адабиятын көркөмдөп окутуу,  балдар кебин өстүрүү предметтеринен билим берилет. Азыркы учурда кафедрада окутуучулук курамдын саны 14тү түзөт. Алар жөнүндө толук маалымат төмөнкү кафедранын штаттык формулярында көрсөтүлөт:

  “Социалдык жана гуманитардык илимдер”  кафедрасынын

2021-2022-окуу жылына карата штаттык формуляры:

Жалпы: кафедра башчысы – 1, окутуучу – 13, иш жүргүзүүчү – 1 эмгектенүүдө.

Социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасы “Социалдык педагогика” адистигинде окуган студенттер окуу планына ылайык окутуунун күндүзгү бөлүмүндө 9 базасы менен 2 жыл 10 ай, 11 базасы менен 1 жыл 10 ай,  ал эми сырткы бөлүмүндө 11 базасы менен  2 жыл 6 ай окуп билим алгандан соң, бүтүрүү мамлекеттик аттестациялык экзамендерин тапшыруу уюштурат. Ошондой эле студенттерибиз үчүн атайын орто билимдүү дипломго ээ болгондон соң, өзүбүздүн эле институттун ичинде социалдык педагогика жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилине окууга тапшырып жогорку бакалавр дипломун алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2. Кафедранын окуу жана окуу-усулдук иштери.

Окутулуучу предметтердин аталышыПредметтерди окуган тайпалар
1Кыргыз тилиКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
2Кыргыз адабиятыКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
3Орус тилиКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
4Дүйнөлүк адабиятКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
5Чет тилиКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
6Кыргызстан тарыхыКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
7Дүйнө тарыхыКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
8Адам жана коомКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
9Аскерге чейинки даярдыкКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
10Кыргыз тили жана адабиятыКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
11Манас таанууКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
12Эне тилиКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
13ФилософияКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
14Укук таанууКИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
15Социалдык педагогикаСП, СПС
16Эне тилин окутуунун усулуМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
17Балдар адабияты жана көркөмдөп окутууМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
18Социалдык психологияМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
19Эне тилин окутуунун теориясы жана методикасыМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
20Социалдык педагогиканын тарыхыСП, СПС
21Тарбия иштеринин усулу жана этикасыСП, СПС
22Окуу практикасыСП, СПС
23Психологиялык, педагогикалык практикумСП, СПС
24Дүйнөлүк жана Ата-Мекендин маданияты 
25Өспүрүм балдарга кошумча билим берүү мекемелеринин социалдык ролуСП, СПС
26Социалдык педагогикалык ишмердүүлүктөгү кесиптик талаптарСП, СПС
27Педагогикалык практикаСП, СПС
28Адабиятты окутуунун усулу жана теориясыМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
29Билим беруунун методикасы жана теориясыСП, СПС
30Мамлекеттик практикасыСП, СПС
31Балдар кебин өстүрүүнүн усулуМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС
32Эне тилин окутуунун усулу боюнча МАКка обзордук лекцияМЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС

Эскертүү: Жогорудагы кыстартылып жазылган тайпалардын толук аталышы

  1. КИ – колдонмо информатика (кундүзгү бөлүм)
  2. МЧББ – мектепке чейинки билим берүү (кундүзгү бөлүм)
  3. СП – социалдык педагогика (кундүзгү бөлүм)
  4. П – башталгыч класстарды окутуу (педагогика), (кундүзгү бөлүм)
  5. ПС – башталгыч класстарды окутуу (педагогика), (сырткы бөлүм)
  6. МЧББС – мектепке чейинки билим берүү (сырткы бөлүм)
  7. СПС – социалдык педагогика (сырткы бөлүм)
  • Кафедранын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштери

Кафедрада төмөнкүдөй багытта илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт:

  • Аспиранттар жөнүндө маалымат

2021-2022-окуу жылында кафедранын төмөнкү окутуучулары Бишкек шаарынды аспирантурага тапшырып окуп жатышат. Алардын илимий темасы жана жетекчилери бекитилген.  

Аспиранттардын Ф.А.А.Илимий темасыИлимий жетекчилери
Таиров Хайриддин Рахманалиевич  Кадамжай районунун тарыхыт.и.д., профессор Каратаев Олжобай  Кубатбекович
 Атабекова Бактыгүл ЯхияевнаКыргыз тилин окутуп, үйрөтүүдө студенттердин маданият аралык компетенттүүлүгүн калыптандыруунун дидактикалык негиздери. (мектептерде окутуунун мисалында)п.и.д., профессор Сыдыкбаева Мира Медеркуловна

Кафедранын окутуучуларынын сабак учурунан фото отчеттор

5. Кафедранын дареги:

Кызыл-Кыя шаары, Кыргизская көчөсү, КГПИнин 3-корпусу, 2-кабат 205-каана.