Баткен мамлекеттик университетинде 2022-жылдын 11-октябрында 1-курстун студенттеринен “Математика” предмети боюнча диагностикалык тест өткөрүлдү. Тест Google Форма аркылуу онлайн форматта алынып, жыйынтыгы төмөнкүдөй чыкты:

Баткен мамлекеттик университетинде 2022-жылдын 11-октябрында 1-курстун студенттеринен “Кыргыз тил” предмети боюнча диагностикалык тест өткөрүлдү. Тест Google Форма аркылуу онлайн форматта алынып, жыйынтыгы төмөнкүдөй чыкты:

Баткен мамлекеттик университетинде 2022-жылдын 11-октябрында 1-курстун студенттеринен “Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу” боюнча сурамжылоо өткөрүлдү. Тест Google Форма аркылуу онлайн форматта алынып, жыйынтыгы төмөнкүдөй чыкты:

Магистранттардын педагогика боюнча диагностикалык тесттин жыйынтыгы

2022-жылдын 11-12-октябрь күндөрү БатМУнун Сапат жана карьера бөлүмү тарабынан окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдөгү 1-курстун студенттеринен математика жана кыргыз тили предметтери, магистранттардан педагогика боюнча диагностикалык тест алынды. Тест онлайн форматта өткөрүлүп, “Zoom” платформасын колдонуу менен көзөмөлгө алынды. Диагностикалык тесттин максаты:

-Студенттердин жалпы орто билим жөнүндөгү базалык билимдерин аныктоо;

-Окуу планына студенттердин муктаждыктарына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү же окутуудагы, окуудагы кыйынчылыктарды алдын ала аныктап, аларды жоюу.

Мындан тышкары студенттерден БатМУга абитуриенттерди кабыл алуу процесси боюнча да анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү.

2022-жылдын 24-октябрынан 27-октябрт күндөрү БатМУнун окутуучулары үчүн, БатМУнун Башкы мекемесинде 26-октябрь күнү ААОПО агенттиги тарабынан аккредитациядан өткөндө айтылган сунуштар кемчиликтерди жоюу максатында 4-күндүк семинар уюштурулду. Семинарды БатМУнун Окуу иштери  боюнча проректору Миралы кызы Анара ачып, республикадагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын билим сапатын көтөрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып, билим сапатын көтөрүү, баалоодо негизги критерийлердин бири аккредитация экендигин белгиледи.

Баткен мамлекеттик университетинде «Негизги билим берүү программаларын жаңы стандартка ылайык иштеп чыгуу” темасында семинар өтүп жатат. Үч күндүк иш чарага БатМУнун ректору э.и.д., профессор Айдарбек Гыязов жетектеген окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн окутуучулары катышууда. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ар бир профиль боюнча жаңы стандартка ылайык негизги билим берүү программасын иштеп чыгууда. Ошондой эле түзүлгөн жаңы НББП боюнча презентация жасап, аны талкууга коюшту. Мындан сырткары, окуу планындагы өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашып, анализ жүргүзүү менен бирге бирдиктүү чечимдер чыгарылып жатат. Мындай аракет потенциалы жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү жана эмгек рыногуна шайкеш келүүчү адистерди даярдоого өбөлгө болмокчу.

Сапат жана карьера боюнча бөлүмүнүн 1-отурумунан фото-баян

Сапат жана карьера боюнча бөлүмүнүн 2-отурумунан фото-баян

2023-жылдын 24-25 апрель күндөрү БатМУнун Сапат жана карьера бөлүмүнүн башчысы, карьера боюнча жетектөөчү адиси жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөгү сапат боюнча жетектөөчү адистер Бишкек шаарындагы И.Арабаев университетинде өткөн “Инновации для спасения планеты” аттуу форумга катышышты. Ал КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп, “Логика промышленных революций и эволюция функций университетского образования”, “Проблемы и перспективы экологизации системы разделения труда в ходе новой промышленной революции” багыттарынын билим берүүнүн өнүгүүсүндө үч чоң баскыч, технологиялык ой жүгүртүүнүн эволюциясы, университеттин моделин изилдөө, жаңы өнөр жай революциясынын босогосундагы университеттин функциялары боюнча кызуу талкуу болду. Форумду белгилүү философ, методолог, инновациялык ишмердүүлүк боюнча консультант Пётр Георгиевич Щедровицкий жетектеди.