1-КУРСТАР ҮЧҮН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТТЕРИНЕН ТЕСТ ӨТКӨРҮЛДҮ
1-КУРСТАР ҮЧҮН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТТЕРИНЕН ТЕСТ ӨТКӨРҮЛДҮ
СГЭИде “Кесиптик бош орундар жарманкеси” уюштурулду
СГЭИде “Кесиптик бош орундар жарманкеси” уюштурулду
Туркияга иш сапардан
Туркияга иш сапардан
previous arrow
next arrow

Баткен мамлекеттик  университетинин А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун директору

Камбаров Айипбек Кадирович

Баткен мамлекеттик университетинин А.А.Машрабов атындагыСүлүктү гуманитардык-экономикалык институту

Сүлүктү шаар башкармалыгы, Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү администрациялары менен Ош Мамлекеттик университетитинин ортосунда түзүлгөн адистерди даярдоо жана кайра даярдоо тармагында өз ара кызматташтык жөнүндө келишимине ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн региондордо, ошондой эле коншулаш Тажикстан жана Узбекстан республикаларынын аймагында жайгашкан кыргыз тилдүү мектептерде жогорку билимдүү адистердин жетишпегендигин эске алуу менен Ош мамлекететтик университетинин ректору Б. Бешимовдун 02.05.1996 ж. № 41 буйругунун негизинде Сүлүктү шаарында орто мектептин мугалимдерин даярдоо боюнча Ош Мамлекеттик университетинин окуу-консультативдик пункту ачылган. Ал эми 1998-жылы 30-майда ОшМУнун ректорунун, № 48 буйругу менен окуу-консультативдик пункту ОшМУнун Сүлүктү шаарындагы филиалы болуп кайрадан уюшулуп түзүлөт.

2000-жылы 27-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Баткен Мамлекеттик университетин түзүү жөнүндөгү» №190 жарлыгынын негизинде ОшМУнун Сүлүктү филиалы БатМУнун курамына кирген. 2001-жылдын 11-январында БатМУнун Окумуштуулар кенешинин токтому менен ОшМУнун Сүлүктүдөгү филиалы Баткен Мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту, БатМУнун ректорунун 2016-жылдын 19-февралындагы №01-04 буйругунуну негизинде Баткен мамлекеттик университетинин гуманитардык-экономикалык институту, 2017-жылы Сүлүктү аймактык институту болуп өзгөртүлгөн. БатМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2021-жылдын 22-февралындагы №3 протоколунун, 2021-жылдын 9-мартындагы БатМУнун Ректор алдындагы кеңешмесинин чечимине ылайык Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту деп аталган. БатМУнун ректору э.и.д., профессор  А.Т.Гыязовдун 2022-жылдын 28-мартындагы 03-03/55 буйругунун негизинде  ф-м.и.к.,доцент Байгесеков Абдибаит Мажитович БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун  директору болуп дайындалган.

Окуу жайда жалпы 1202 студент күндүзгү жана сырткы окуу бөлүмдөрүндө окушат.

Институттун максаты, замандын талабына жооп берген, жогорку денгээлдеги, өз ишин мыкты өздөштүргөн, креативдүү адистерди даярдап чыгаруу болуп саналат.

      Институттун курамы бир факультеттен, эки кафедрадан, окуу-усулдук  жана маалымат технологиялар бөлүмүнөн, ошондой эле орто кесиптик билим берүү бөлүмүнөн турат.

Институттун материалдык-техникалык базасында заманбап адистерди даярдоо үчүн толук шарттар түзүлгөн. Студенттерди тейлөө үчүн 6 окуу корпусу, жалпы илимий жана көркөм адабий китептерден турган эки окуу китепканалары, студенттик жатакана кеңири пайдаланууда. Жаңы технологиялардын негизинде окуу процессин уюуштуруу максатында окуу кааналары жаңы үлгүдөгү компьютерлер, ксерокопия, сканер, принтерлер, модем жана проекторлор, телевизорлор, интерактивдүү доскалар менен жабдылган жана WI-FI жипсиз сеттик байланышына туташтырылган.

Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан окуу, окуу-усулдук комплекстер, силлабустар даярдалып жаткан багыттар боюнча талапка ылайык даярдалган.

Адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-багыттык, кесиптик-базалык практикалар окуу пландарынын жана окуу процессинин графиги боюнча Сүлүктү шаарындагы жана Лейлек районундагы билим берүү бөлүмдөрү жана ишкана-мекемелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурулат. Ал эми педагогикалык багытта даярдалып жаткан студенттер үчүн практика жетекчиси, педагог, психологдун катышуусунда жүргүзүлөт. Практикалардын жыйынтыгы “Практикалардын өтүлүү абалы жана перспективасы” аттуу конференция менен чыгарылат.

Профессордук-окутуучулар жамааты окуу процесси менен катар жогорку квалификациялуу педагогдорду, экономисттерди, инженерлерди даярдоодо окуу процесси менен тыгыз байланышкан функционалдык жана прикладдык изилдөөлөр менен катар илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн төмөнкүдөй илимий багыттарда жүргүзүшүп келишет:

  • – Кыргызстандын түштүк – батыш чөлкөмүнүн тилдик өзгөчөлүктөрүн иликтөө (фонетика, диалектика, лексика);
  • – Кыргызстандын түштүк – батыш чөлкөмүнүн экологиясын иликтөө:,
  • – Кыргызстандын түштүк – батыш чөлкөмүнүн этнологиясын иликтөө;
  • – Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана өнүгүү перспективалары:,
  • – Түштүк – батыш чөлкөмүнүн жазуучуларынын чыгармаларындагы педагогикалык ой-чабыттары:,

Ошондой эле, элдик педагогика, психология, фольклор, социалдык гуманитардык жана экономикалык көйгөйлөр, математика жана физика жаатында да бир канча изилдөөлөр жүргүзүлүп келет.

Институттун профессордук-окутуучулар курамы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде (Тажикистан, Казакстан, Турция, Россия) эл аралык республикалык, регионалдык денгээлде өткөрүлгөн илимий-теориялык, илимий-тажрыйбалык жыйындарга активдүү катышып келишет. Чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлары: Хожент мамлекеттик университети, Тажик мамлекеттик укук, бизнес жана саясат университети, Тажик мамлекеттик коммерция университети менен тыгыз байланышта бирге иштешип келет.