Факультетибиз элибиздин «Келечек муунга билим берүү, илим жана тарбия жаатында, көп нерсе колундан келээрине ишен-ошондо гана көп нерсени аткара аласын» делген мазмундуу, улуу  сөзү менен эмгектенүүдө.

Биз билим жаатында педагог-мугалимди барктап,табиятты сүйгөн,анын касиет-кудуретин сезе-билүүгө умтулган, өз элинин улуу педагог-инсандарын,  табияттын законченемдүүлүгүн изилдөөчү, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын барктайда, оор түйшүгүн көтөрө да алган адистерди даярдоого максат койгонбуз..

Факультеттин тарыхынан

        ТИДТ факультети БатМУ КГПИнин бир структуралык бөлүмү. Ал Ош МУнун Кызыл-Кыя филиалы учурунда (1998-ж.) Табият таануу факультети деп уюшулган, Ал учурда факультетте 42 окутуучу эмгектенип, 892студент билим алган (күндүзгү бөлүмдө 252, сырткы бөлүмдө 640). Убакыттын өтүшү менен 1998-жылдан бери институт өзү бир топ структуралык өзгөрүүлөрлөрдөн өттү.Мисалы:ОшМУнун алдындагы ККФ, 2000-жылда БатМУнун карамагына өтүп филиал  БатМУ КГПИ болуп өзгөрдү, андан кийин БатМУ КГТИ, БатМУ СПИ, азыр БатМУ КГПИ болуп, азыркы учурда кайрадан  БатМУ КГПИ болуп өзгөрүп калды. Институттагы структуралык өзгөрүлөр менен факультеттер да кошуп же ажырап  жаны факультеттик түзүмдөр уюштурулуп жүрдү.  

          Азыркы ТИДТ факультети мурдагы «Гуманитардык», «Педагогика»  факультеттердин негизинде түзүлгөн.  Факультеттерди  доцент,  п.и.к.  С.Ж.Жапаров,  доцент,  ф-м.и.д., профессор  А.Ы.Курбаналиев,  п.и.к.,  доцент  З.Н.Максутов,  б.и.к.,  доцент Омурзакова, ф.м.и.к. доцент А.Ж.Кошуев башкарып, факультеттин калыптанышына жана өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн салымын кошушкан.

ТИДТ факультети түзүлгөнгө чейин мурдагы факультеттердин декандык кызматын аркалагандар

Фамилиясы, аты-жөнүилимий даражасыфак. жетектеген
   жылдары
1.Жапаров С.Ж.п.и.к., доцент1998-2006
2.Курбаналиев А.Ы.Ф-м.и.д., профессор1999-2007
3.Кадыров К.С.Ф-м.и.к., доцент2006-2007
4.Боркошев М.М.п.и.к., доцент2010-2012
5.Омурзакова Г.Т.б.и.к., доцент2007-2016
6.Максутов З.Н.п.и.к., доцент2007-2016
7.Кошуев А.Ж.Ф-м.и.к., доцент2016-2018 2018-кайра шайланган
8.Темирбаев М.М.п.и.к., доцент2021-шайланган

КГПИнин (мурдагы КПИ) ректорудун 2021 жылындын 1-сентябрындагы  буйругунун негизинде ЖОЖдорго КР Президентинин билим берүү системасы боюнча коюлган реформалоо иштеринин жүзөгө ашыруу үчүн жана окуу процессинин (кредиттик технологиялары боюнча) жүрүшүн оптималдаштыруу максатында күндүзгү жана сырткы бөлүмүндө бакалавр академиялык даражасы боюнча (окуу процессин жүргүзүлүүсүн тейлөө максатында БатМУ КГПИнин базасында ТИДТ факультети уюштурулуп, анын курамында 2 кафедра иштеген.  Мында факультеттин деканы болуп п.и.к, доцент Темирбаев Медербек Маматибраимович  дайындалган.

 ТИДТ факультетинде келечекте педагогикалык кесип боюнча болочок муундардын ээлеринин билимин тереңдетүүнү көздөгөн, элдин духу, табияттын закон ченемдүүлүгүн түшүндүргөн, адамдын ден-соолугун чындоого багыттап  жана анын турмушу жөнүдөгү бай материалдарды дене тарбия жана табигый илимин изилдеп-талдаган 30дан ашуун профессордук-окутуучулар жамааты эмгектенет. Алардын ичинен 3 профессор, 8 илимидин кандидаты, доцент, 6 улук окутуучу, 15 окутуучу эмгектенип келүүдө. Азыркы мезгилде факультетте  1017 (күндүзгү бөлүмдө анын ичинен 99 студент бюджеттик, 100 контрактык негизде, сырткы бөлүмдө 818 студент билим алып жатат).

2019-20- окуу жылына карата  2019-жылдын 23-ноябрындагы БатМУнун окумуштуулар кенешинде «БатМУдагы профессорлук-окутуучулук курамды кызматтык орундарга конкурстук шайлоолорду өткөрүү жөнүндөгү» Жобонун негизинде факультеттеги жалпы профессорлук окутуучулук курам  БатМУнун окумуштуулар кенешинен 3жылдык мөөнөткө  профессор, доцент, ага окутуучу жана окутуучу кызматтык орундарга конкурстук шаайлоодон ийгиликтүү өтүштү.

Факультетте ар бир курс боюнча кредиттик технологиялары боюнча студенттерге кенеш берүүчү тажрыйбалуу окутуучулардын арасынан кураторлор  бекитилген.

ТИДТ факультети аталган кафедралары менен биргеликте күндүзгү жана сырткы окутуу формалары боюнча 1,2,3,4-5-курстарындагы төмөнкү билим берүү багыттарын тейлейт:

1. Физика-математикалык билим берүү багытынын,

А) Математика профилин; Б) Физика  профилин; В) Информатика профилин

2.Табигый-илимий билим берүү багытынын,

А) Биология профилин;

3.Дене тарбия багытынын,

А) Дене тарбия  профилин;

ТИДТ факультетинде жогорку билимдүү адистерди даярдоонун мөөнөтү: бакалавриаттын күндүзгү бөлүмүндө 4жыл, ал эми сырткы бөлүмүндө 5 жыл, окутуу 2 тилде (кыргыз, орус), жүргүзүлөт.

Факультеттин миссиясы

Учурда өлкөбүздүн приоритеттүү милдеттеринин бири болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен алардын сапатын жогорулатуу аркылуу жалпы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында кадрдык жетишсиздикти жоюу болуп саналат.

Азыркы күндө жогорку окуу жайлардын алдында билимдүү, өз алдынча жана стандарттуу эмес ой жүгүртүүчү, командада жана команда менен иштей алган, жаңы инновациялык маданиятка ээ болгон болочок педагог-бакалаврларды даярдоо маселеси турат.

Ошол максатта КР түштүк-батыш чөлкөмүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын келечек муундардын сабатсыздыгын жоюу менен билим берүү жаатындагы кадрларды даярдоо жогорку окуу жай катары Кызыл-Кыя шаарындагы КГПИ КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциядан тиешелүү билим берүү багыттарына берилген лицензия боюнча ТИДТ факультетинде билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлүүдө.

Азыркы жашоонун доминанттуу тенденциясы – кесиптик ишмердүүлүктүн бардык сфераларына компьютерлердин жана маалыматтык технологиялардын терең кирүүсү эсептелгендиктен, бакалавр академиялык даражасына даярдоодо ТИДТ факультети билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө мында окуу процессинин жүрүшүн автоматташтыруу багытында AVN информациялык системасын кеңири чагылдырылууда.

Бүгүнкү күндө ТИДТ факультети төмөндөгүдөй миссияны өз алдына коёт:

  • Компотенттүүлүк мамиле менен заманбап көп тилдүү билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу;
  • Мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;

Тактап айтканда ТИДТ факультетинин миссиясы – учурдун талабына жооп берген компетенттүү адистерди: физика, математика, информатика, биология, башталгыч билим берүүнү педагогикасы жана методикасы боюнча мугалимдерин  жана билим берүү мекемелердин тарбиячыларын даярдоо. Кыргызстандын бардык аймактарын жетишсиз болуп жаткан жогоруда аталган адистиктер боюнча мугалимдери  менен камсыздоо.

БатМУнун  Кызыл-Кыядагы  педагогика  институтунун  ТИДТ факультети  коңшулаш  Өзбекстан,  Тажикстан  өлкөлөрүнө  да жогорудагы адистерди даярдоодо көмөк көрсөтөт.

Факультеттин түзүмү

Окумуштуулар кеңеши

ТИДТ факультетиндеги окуу процессине байланыштуу окуу, окуу-усулдук, илимий-усулдук жана тарбиялык багытындагы иш-чараларды талкуулап иш жүзүнө ашырылуусун камсыздоо максатында ТИДТ факультети тейлеген кафедралардын мүчөлөрүнүн ичинен КР ЖОЖдорго коюлуучу Жобого ылайык 2 жылдык мөөнөткө факультеттин Окумуштуулар кенешинин мүчөлөрү бекитилип турат. БатМУ КГПИнин ТИДТ факультетинин окумуштуулар кеңешинин мүчөрү 2021-22-окуу жылынан баштап кайра төмөндөгү курам ТИДТ факультетинин Окумуштуулар кенешинин мүчөлөрү болуп  бекитилген, алар:

 Темирбаев М.М.            –факультеттин окумуштуулар кеңешинин төрагасы, ТИДТ            факультетинин  деканы, п.и.к., доц.
 Ташполотов Т.Т.      –окумуштуулар кеңешинин төрагасынын орун басары,  факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, окутуучусу.
 Сраждинов А.С.окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, табигый-математикалык  билим   берүү кафедрасынын доценти, ф-м.и.к., доцент
 Абдибайитова А.А. –окуу – усулдук кеңешинин мүчөсү, табигый-математикалык  билим  берүү кафедрасынын башчысы, ага окутуучу.
 Омурзакова Г.Т.окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, ТМББ  кафедрасынын доцентти, б.и.к.
 Тайиров М.М.окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, табигый-математикалык  билим  берүү кафедрасынын ф.м.и.д., проф.
 Галатов А..    –окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, дене тарбия  кафедрасынын  башчысы, ага окутуучу.

ТИДТ факультетинин окумуштуулар кенешинде факультет тейлеген билим берүү багыттары боюнча окуу процессине байланыштуу окуу, окуу-усулдук, илимий-усулдук жана тарбиялык багытындагы иш-чараларды талкуулап иш жүзүнө ашыруу маселелери каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алар өз убагында жүзөгө ашырылып турат.

Олимпиада жана спорттук жетишкендиктер

БатМУнун “Студенттер арасында олимпиада өткөрүү Жобосуна” ылайык ар окуу жылында февраль-март айларында факультет тейлеген билим берүү багыттарында окуп жаткан студенттердин арасында предметтик жана адистик боюнча олимпиадалар өткөзүлүп турат. Институттук дэнгээлде өткөзүлгөн олимпиаданын женүүчүлөрүн БатМУнун дэнгээлинде өткөзүлүүчү олимпиадага жөнөтүлүп келет. Мында ар бир предмет жана адистик боюнча катышкан студенттерге тажрыйбалуу окутуучулар бекитилип, алар тарабынан консультациялар өткөзүлөт. БатМУнун дэнгээлинде өткөзүлгөн олимпиаданын женичүлөрүнүн арасына кирген студенттер Түштүк ЖОЖдордун арасында “Регионалдык предметтик олимпиада жөнүндөгү Жобого” ылайык ошол жылы Регионалдык предметтик олимпиаданы өткөрүүгө жооптуу болгон тиешелүү ЖОЖго жиберилип келет.

Факультетте окуп кеткен жана окуп жаткан студентерибиздин коомдук жана маданий иш-чараларга катышып байгелүү жетишкендиктерге жетишкен ийгиликтерине кыскача токтолсок.2013-жылдан бери өткөзүлүүчү Регионалдык предметтик олимпиадага ТИДТ факультети тей леген билим берүү багыттарынын студенттери бир нече байгелүү орундарга ээ болуп келүүдө. Атап кетсек : ОшТУда 2014-жылы физика предметинен 1-орун ФИ-11 тайпасынын студентти Азиз уулу Улук (жетекчиси окут. Абдибайитова А.Т.), 3-орун ушул эле тайпадан Эрдавлет кызы Жийдегүл (жетекчиси окут. Абдибайитова А.Т.), химия предмети боюнча 2-орун ХК-10 тайпасынын студентти Мамадалиева Гулера (жетекчиси доценттин м.а. Козубаев С.К.), ОшКУУда 2015-жылы физика предметинен 1-орун ФИ-11 тайпасынын студентти Азиз уулу Улук (жетекчиси окут. Абдибайитова А.Т.), химия предмети боюнча 2-орун ХК-12 тайпасынын студентти Ахунова Зарифа (жетекчиси доценттин м.а. Козубаев С.К.), 2019-жылы Ош шаарындагы Юридикалык институтта өткөзүлгөн VII регионалдык олимпиадада «Информатика» предмети боюнча ПББ- 1-17 тайпасынын студенти Бурхандинова Мохинур (жетекчиси окутуучу: Бекмурзаева Б.А.), «Химия» предмети боюнча БК-17 тайпасынын студенти Эсеналиева Айида (жетекчиси ага окут. Абдибайитова А.А.), биринчи орунду камсыздашты. Ошондой эле  ТИДТ факультети тейлеген билим берүү багыттарынын бир нече студенттери байгелүү орундарга ээ болушкан.

Баткен областындагы жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынан «Жылдын мыкты студенти» номинациясын ФИ-11 тайпасынын студентти Азиз уулу Улук женип алып Ардак грамота жана байгеге ээ болгон.Азыркы күндө окуусун кызыл диплом менен аяктап, физика мугалими болуп эмгектенип келет. 2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин «Үмүт» стипендиясына, ошондой эле Баткен таны гезити тарабынан уютурулган Баткен областындагы жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынан «Жылдын мыкты студенти» номинациясын «Информатика» профилинин ИК-18 тайпасынын бүтүрүүчү курсунун студенти Мурзабек кызы Чачыкей женип алып Дипломго ээ болду.

Факультеттин кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер ар кандай коомдук-маданий иштерде активдүүлүктөрүн көрсөтүп келишет.Ага мисал катары студенттердин кунуно арналган институттук денгээлде өткөзүлгөн спорттук иш чарада факультет жалпы командалык турда 1-орунга, факультеттин студенттери ЖОЖдор арасында Бишкек шаарында өткөзүлгөн Универсиадага активдүү катышып келише. Мында Универсиада-2015де ДТР-13 тайпасынын студенттери Абдилаким уулу Кабыл (күрөш боюнча) 1-орунга, Мухтарали уулу Кылычбек (барьерден секирүү боюнча) 2-орунга, Мамадалиева Дурдана (женил атлетика боюнча) 2-орунга, Универсиада-2016де бир нече студенттер байгелүү орундарга ээ болушкан. Үстүбүздөгү окуу жылында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Универсиада-2017 I лигасында катышып жыйынтыгында кыздар командасы баскетбол боюнча ІІ, тогуз коргоол боюнча ІІІ, күрөш боюнча ІІ, ІІІ, ал эми стол тенниси боюнча уландар командасы ІV, улуттук күрөш боюнча уландар командасы ІІ, жеңил атлетика боюнча кыздар командасынан экөө І, экөө ІІ, төртөө ІІІ, ал эми уландар командасынан бирөө І, экөө ІІ орунду ээлешип, жалпы 27 спортчу студенттерибиз диплом жана медалдар менен сыйланып келишти. Мындан тышкары дене тарбия окутуучусу Рахманова Дилдора, дене тарбия профилинин студенти Үсөн уулу Өмүрбек КРнын спорттун биринчи олимпиадалык эмес түрү бел боо күрөшү боюнча І орунду ээлешти. Азим уулу Ибрагим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү бокс боюнча мелдеште ІІІ орундун жеңүүчүсү, Ош шаарында Н. Арзыевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн эл аралык турнирдин катышуучусу.

Азыркы учурда да факультетте окуп жаткан студенттер республикалык, областык, шаардык, университеттин жана институттун денгээлинде өткөзүлүүчү иш-чараларга өз активдүүлүгүн көрсөтүп байгелүү орундарды багындырып келишүүдө.

Студенттердин илимий коому

2016-жылдын 22-ноябрында Ош шаарында ОшМУда «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу III аймактык студенттик илимий конференция болуп, конференцияга БатМУнун социалдык педагогикалык институтунан, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Асан Бердиевдин жетекчилиги менен ФК-14 тайпасынан Абдисалам кызы Толгонай «Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» кыргыз элинин маданий дөлөтү, руханий дүйнөсүнүн улуу мурасы» СЭБ-14 тайпасынан Арапбай кызы Айжаркын «Советтик доордо мамлекеттик маселесинин көтөрүлүшү», ИК-14 тайпасынан Мисиров Кылычбек «Графиктерди чийүүдөгү электрондук эсептөөчү машинанын колдонулушунун өзгөчөлүктөрү» илимий жетекчиси окут.Бекмурзаева Б., СЭБ-14 тайпасынан Сраждинова Гулгакы, ИК-14 тайпасынан Жайлообек кызы Мээргүл, ИК-14 тайпасынан Турдали кызы Назик өздөрүнүн илимий жетекчилери (окут. Г.Урайымова, А.Бердыбаев ж.б.) менен бирге даярдаган илимий макалалары менен катышып атайын комиссиянын чечими менен 1-2 даражадагы дипломдор жана граммоталар менен сыйланышты. Конференциянын резалюциясында Студенттердин илимий макалалары «ОшМУнун жарчысы» илимий журналына басууга сунушталды.

Студенттердин өз алдынча иштөөсүн өркүндөтүү максатында 2020-21-окуу жылында декабрь жана апрель айында ар бир кафедра тарабынан 1-2-3-4-курстун студенттеринен курстук иш, реферат, докладдар кабыл алынды.Студенттер илимий докладтарды жасоонун жолдору жана макаланы жазуу эрежелери боюнча талкууга активдүү катышып бир топ маалыматтарга ээ болушту.

ТИДТ факультети тейлеген билим берүү багыттарындагы студенттердин илимий изилдөө иштерине багыттөө жана өз адистиктерин даназалоо максатында адистиктердин жумалыктары ар окуу жылында такай өткөзүлүп келет. Бул жумалыктарда информатика, математика, физика, биология, педагогика, дене тарбия, химия адистиктеринин студенттери жана окутуучулар өз активдүүлүгүн көрсөтүшүп келет. Жумалыктын алкагында жогоруда саналган адистиктердин тиешелуу багыттар боюнча илимий-методикалык талкуулар, ачык эшиктер, тегерек столдор, сахналаштырылган корунуштор, ачык сабактар, КВНдер, спорттук мелдештер өткөрүлөт. Белгилей кетчу нерсе, бул адистик жумалыгы студенттердин жана окутуучулардын адистигине жана илимге болгон көз караштарын жогорулатты.