Түнкү музей иш-чарасы

Музейдеги экспонаттардын фотогалереясы

1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
1 слайд
previous arrow
next arrow
Shadow

БатМУнун “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплекси.

БатМУнун Айгүл-Тоо тарыхый маданий музей комплекси 2018-жылдын 28-июнунда БатМУнун ректорунун буйругуна ылайык түзүлгөн.  “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплекси илим изилдөө, экспозициялык-көркөм, маданий агартуу жана экскурсиялык- туристтик максатта, тарыхый-маданий жана табигый комплекстердин, материалдык жана руханий баалуулуктардын сакталышын, калыбына келтиришин, изилдешин жана элге көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

“Айгүл-Тоо” ТММК курамы төмөнкүдөй: Айгүл-Тоо маданий коругу, “Манас жана анын кырк чоросу” комплекси, Баткен шаарындагы ачык асман алдындагы скульптуралык комплекс, Кара-Эгизе тоосундагы петроглифтер, “Айгүл-Тоо” тарыхый маданий музей имараты.

Музейдин ички бөлүктөрү: Мамлекеттүүлүккө арналган бөлүк, археология жана петроглифтерге арналган бөлүк, этнография, советтик доор ошондой эле инсантаануу жана облустун район шаарларына арналган бөлүктөрүнөн турат.

Музейде биздин замандын I-II кылымына таандык тарыхый археологиялык табылгалардан тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый экспонаттар, этнографиялык буюмдар көрүүчүлөр үчүн коюлган. Музейдеги экспозицилар аркылуу музей коноктору жана туристтер Баткен облусу тууралуу толук маалымат алышат.

Музейдин түптөлүшүнө БатМУнун ректорунун жана жалпы БатМУнун жамааты зор салым кошуп келүүдө. Бул музейдин түптөө идеясы БатМУнун Педагогикалык билим берүү кафедрасынын окутуучусу т.и.к., доцент А.А. Кадыровго таандык.