Педагогика факультети Окумуштуулар кеңешинин чечими менен  1998-жылдын 28-майында түзүлгөн. Учурда факультетти педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу М.М.Боркошев жетектейт.

Факультетте профессордук – окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү 30% түзөт. Беш илимдин кандидаты, бир БатМУ КГПИнин профессору.

А.Калмурзаева педагогика боюнча диссертациясын коргоо алдында турат.

Педагогика факультетинде илимий иштер багыттарга бөлүнүп берилген.

Даярдаган профилдери

Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы.

Бул профиль студенттерге кенже класстын балдарын окутуунун педагогикасы жана методикасынын негизин, окутууну пландаштыруу, билим берүү процессин уюштуруу, билим берүү жана тарбия максаттарын ишке ашыра алуу даярдоо жана жүргүзүү.  Билим берүү учурунда окуучу балдарга практикалык көндүмдөр жана компетенциялар иштелип чыгат жана компетенцияларга ээ болот.

Окуу мөөнөтү 4 жыл.

Факультетте эки  кафедра иштейт: башталгыч билим берүү кафедрасы, педагогика жана психология  кафедрасы.  Окуу процессин студенттерге келечектеги башталгыч класстарды мугалимдерине иште зарыл болгон  заманбап теориялык билим берүү жана аларда практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгуу менен жогорку кесипкөй профессордук-окутуучулук курам камсыз кылат.

Студенттердин илимий-изилдөө иши келечектеги практикалык ишинде илимий-техникалык жана маданий прогресстин жетишкендиктерин чыгармачылык менен колдоно билүүгө жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун жана тарбиялоонун  сапатын арттырууда маанилүү каражаттардын бири болуп саналат.  Студенттер эл аралык жана республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларга жигердүү катышып, алардын иштери илимий басылмаларда жарык көрөт.

Педагогика  факультетинин студенттери мектептерде,  мамлекеттик бийлик органдарында, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө  практикадан өтүшөт. 

Студенттер университеттин   спорттук турмушуна активдүү катышат. 

Факультеттин максаты: жогорку квалификациялуу, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектептерде  иштөө үчүн профессиналдык компетенцияны эң бийик адептүүлүк сапаттар менен айкалыштырган башталгыч класстардын мугалимдерин  даярдоо.   Бул факультеттин өзгөчөлүгү жана спецификасы болуп эки тилде жана иш  кагаздарды  сабаттуу түзө алган, окутууда өзүнүн окуучуларын билим жана тарбия жагынан мыкты  даярдоону жүзөгө ашырат.

Милдеттери:

– Башталгыч класстардын билим берүүдө жана тарбиялоо  үчүн зарыл болгон, атайын предметтерди тереңдеп окутуунун программалары боюнча студенттерге билим берүү;

– Азыркы эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн  атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;

– Окуу жана илимий материалдарды практикалык ишмердүүлүктө апробациялоо үчүн окуу жайлар метептер менен байланыштарды түзүү жана окуу процессин интеграциялоо;

– Окуу процессин жеткиликтүү деңгээлде окуу куралдары, окуу колдонмолору жана башка окуу-усулдук адабияттар менен камсыз кылуу;

– Студенттердин жалпы маданий даярдыгы, аларды жалпы жарандык тарбиялоо боюнча педагогикалык иштерди жүргүзүү;

– Студенттердин адистигине ылайык окуу-өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана ишке ашыруу;

– Окуу процессин өнүктүрүү боюнча илимий-усулдук, изилдөө иштерин жүргүзүү.

Кызматташтыктары: Факультет ар тараптан өнүгүү максатында чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен тыгыз кызматташтык иштерин жүргүзүп келет. Мисалга алсак, Фергана мамлекеттин университети,    Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, ОшМУнун, ОшКУУнун, ОшМПУнун алдыңкы кафедралары жана Казак Республикасынын жогорку окуу жайлардын педагогика факультеттери менен  тыгыз байланышта. Окуу жайлардан тышкары Кырыз Республикасынын билим жана илим министрлиги, шаардык жана райондук билим берүү жана башкалар уюмдар менен кызматташтыкта.

Салттуу иш-чаралары (коомдук, маданий): педагогика факультети сабактарды өтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында кесипкөй окутуучулар менен практиктерди сабак өтүүгө чакырышат жана алардын катышуусу менен  Кыргыз Республикасынын билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу ишмердүүлүгүн  жөнгө салуунун актуалдуу маселелери боюнча студенттик илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп келүүдө.

Факультет жыл сайын факультеттер аралык жана ЖОЖдор аралык ар түрдүү спорттук   мелдештерди өткөрөт. Мыкты студенттери менен кыргызстандагы жана кошуна мамлекеттеринин тарыхый жерлерине жана музейлерине сейилдерди уюштурат.  

Жетишкендиктери, ийгиликтери: 2015-2016-окуу жылдарында факультет “БатМУнун мыкты факультети” болуп таанылган.

Россия федерациясынын Башкортостан Республикасындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университети 2021-жылы 28-май айында уюштурган Евразиядагы Түрк элдеринин балдар оюндары аттуу эл аралык конкурста доцент  Боркошев.М.М. жетектеген илимий команда 3-орунду ээлеп 3-даражадагы диплом менен сыйланды

2021-жылдын 10-ноябрында Казакстан Республикасынын борбор шаары “Нур-Султан” шаарында өткөрүлгөн КМШ мамлекеттеринин арасында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда уюштурулган “Мыкты педагог КМШ – 2021” деген конкурска илимий макаласы педагогика илимдеринин кандидаты Ж.Кашматова менен барып катышып келди жана “Мыкты педагог КМШ – 2021” деген номинациядагы төш белги жана диплом менен сыйланды.

Педагогика факультети Окумуштуулар кеңешинин чечими менен  1998-жылдын 28-майында түзүлгөн. Учурда факультетти педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу М.М.Боркошев жетектейт.

Боркошев Меражидин Маматкулович