“ЖЫЛ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНДАГЫ БҮТҮРҮҮЧҮБҮЗДҮН ЖЕҢИШИ
“ЖЫЛ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНДАГЫ БҮТҮРҮҮЧҮБҮЗДҮН ЖЕҢИШИ
ЧЕМПИОН КЫЗЫБЫЗДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИ
ЧЕМПИОН КЫЗЫБЫЗДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИ
БатМУ КГПИнин ИЛИМПОЗДОРУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ
БатМУ КГПИнин ИЛИМПОЗДОРУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ
БатМУ КГПИнин алдында “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясы уюшулду
БатМУ КГПИнин алдында “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясы уюшулду
БатМУ КГПИге физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин ысымы ыйгарылды
БатМУ КГПИге физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин ысымы ыйгарылды
previous arrow
next arrow

Миссиясы жана милдеттери

Илимий-чыгармачылык потенциалы жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү, эмгек рыногуна шайкеш келүүчү адистерди даярдоо аркылуу коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу.

БатМУ М.М.Тайиров атындагы КГПИнин тарыхы жана бүгүнкү күнү

Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту 1997-жылдын 30-октябрында Ош мамлекеттик университетинин  окуу-консультациялык пункту катары уюшулган. 1998-жылдын 28-майында ОшМУнун ректору, академик Бектемир Мурзубраимовдун №46 буйругунун негизинде ОшМУнун  Кызыл-Кыя филиалына айландырылат. 2000-жылы 8-декабрында ОшМУнун Кызыл-Кыя филиалы Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институту  болуп өзгөрөт. Институт уюшулган күндөн тартып чейрек кылымга жуук аралыкта билим берүүнүн жана илим илиздөөнүн борборуна айланды.

Окуу жай жаңыдан түзүлгөндө бир топ кыйынчылыктар болбой койгон эмес,  материалдык-техникалык базанын, окуу корпустарынын талаптагыдай эместиги, профессордук-окутуучулук курамдын жана китепкана фондундагы адабияттардын жетишсиздиги негизги көйгөйлөр эле. Бирок, ошол кездеги окуу жайды жетектеп турган физика-математика илимдеринин доктору, профессор М.М.Тайировдун, ошондой эле жамааттын күжүрмөн эмгеги менен бул көйгөйлөр чечилип, КГПИ мына бүгүн 24 жылдык тарыхты артта калтырып олтурат.

Учурда окуу жайда 4000ге жакын студент билим алып жатышат.

Акыркы  жыл аралыгында студенттердин сандык контингенти улам өсүп жатат. Мунун өзү жергиликтүү калктын  жогорку билимдүү кадрларга муктаждыгын айгинелеп турат.

Учурунда 2005-2006-жылдары студенттердин контингенти эң жогорку көрсөткүчкө чыгып, сырткы жана күндүзгү бөлүмдө  алты миңден ашык студент билим алган.

2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарыбанын өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 80 студентине президенттик “Үмүт” стипендиясы ыйгарылды. Стипендиат болгон БатМУнун 3 студентинин бири биздин окуу жайдын информатика профилинин 4-курсунда окуган Мурзабек кызы Чачыкей. Чачыкей институтка келген күндөн тарта өзүнүн көп кырдуу экендигин көрсөтө алды. КГПИде окууда, илимий жана коомдук иштерде ийгиликтерди жараткан мындай студенттер абдан көп.

Бүтүрүүчүлөр Баткен обласытынын билим берүү тармагындагы мекемелерди кадр менен камсыздоодо чоң роль ойноп турат. 

Институттун ачылышы өлкөбүздүн түштүк-батыш чөлкөмү үчүн зор мааниге ээ болду. Анткени, республиканын борборунан өтө алыс жайгашкан Кыргызстандын түштүк-батыш регионунда жашаган элдердин учур талап кылган агартуу, социалдык-гуманитардык  тармактардагы адистерди даярдоодо, орто мектептерди, мамлекеттик жана муниципиалдык ишканаларды квалификациялуу адистер менен камсыздоодо эбегейсиз эмгеги сиңип жатат. Окуу жайдан даярдалган кадрлар адистик боюнча жогорку билимдүү гана эмес, коомдогу конкуренцияга туруштук бере алган, заман талабына ылайык ар тараптан компетенттүүлүгүн да көрсөтүп келе жатат.

Институттун биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрү республикабыздын булуң-бурчтарында ар кандай жооптуу жумуштарды аркалап жатышат. Азыркы учурда Ноокат, Кадамжай жана Араван райондорундагы жакынкы мектептерде эмгектенген мугалимдердин 45 пайызы − биздин бүтүрүүчүлөр. Алардын арасында мектеп директорлору, директордун орун басарлары, шаардык, айылдык кеңештердин төрагалары бар. Алар Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Маткалыков Асылбек, Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айыл аймагынын башчысы, айыл өкмөттүн жылдык бюджетин кескин түрдө көтөрүп, дотациядан чыгарган Илясбек Рысдавлетов, Кара-Балта түрк лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Эржан Таш. Мындай бүтүрүүчүлөр миңдеп саналат.

Бул бүтүрүүчүлөр коомдун муктаждыгын чечип, эл кызматын татыктуу аркалап, өз кесибинин мыкты адиси катары КГПИнин беделин бир топ көтөрүүдө.

Азыркы жашоонун доминанттуу тенденциясы – кесиптик ишмердүүлүктүн бардык сфераларына компьютерлердин жана маалыматтык технологиялардын терең кирип баратканын эске алып, бакалавр академиялык даражасына даярдоодо КГПИ билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө окуу процессинин жүрүшүн автоматташтыруу багытында AVN информациялык системасы менен толук кандуу иштеп жатат. Ар бир окутуучу, студент, ата-эне бул система менен окуу процесси жөнүндөгү маалыматтар менен камсыз боло алышат.

Студенттерге заман талабына ылайык билим берүүдө материалдык-техникалык база толук жетиштүү. 75 орундуу акыркы үлгүдөгү компьютерлер коюлган 6 каана, акылдуу доска, проектор жана вайфай менен толук камсыздалган. Санариптик көндүмдөр зарыл болуп турган бул учурда, ар бир адистиктеги студенттин жаңы технологияларды колдоно билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу институттун негизги максаттарынын бири.

 Лабораториялык кааналарда студенттер табийгый жана так илимдер боюнча алган теориялык билимдерин практика жүзүндө аткарууга толук шарттар түзүлгөн. Англис тили профилинин студенттери үчүн лингофондук кабинеттер өз ишин жүргүзүүдө.

44948 даана китеп фондуна ээ эки окуу залы жана бир абонемент студенттердин түрдүү багыттагы адабияттар менен камсыз болуусуна кызмат кылат.

Дене тарбия кафедрасынын окутуучуларынын жигердүү аракеттери менен гимнастика,  оор атлетика залы ачылып, алар студенттердин жана окутуучулардын ден соолугун чыңдоо үчүн иштетилет.

Ал эми бул кафедрада “Алыш” күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпион Д.Рахманова жана бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону; грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери А.Галатовдор окуу жайдагы студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен алардын ийгиликтерине жол көрсөтүп жатышат. Аталган спорттун мыктылары жөнүндө кененирээк маалыматка токтолсок. Дилдора Рахманова Гуламалиевна бел боо  алыш  жана бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан чемпиону. 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жана дүйнө чемпиону, эл аралык спорт чебери Армрестлин жана женил атлетиканын ядро атуу түрү боюнча Кыргызстан чемпиону. Туркмен күрөш боюнча дүйнөнүн, таяк тартыш боюнча Азианын Европанын жана дуйнонун чемпиону, эл аралык спорт чебери. 2016-жылдын Кыргызстандын мыкты спортчу айымы. 2017-2018-жылдардын Баткен областынын мыкты спортчусу деген наамга татыктуу болгон. Галатов Алмазбек Абдиллаевич грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери;  бел боолуу күрөш боюнча Евроазиянын чемпиону; Дүйнө кубогунда күмүш байге ээси; Бел боолуу күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 1-орун алтын медал ээси; Бел боолуу жана алыш күрөш боюнча эл аралык даражадагы  калыс.  Мындай спорттун чеберлери – окуу жайыбыздын сыймыгы.


Бүгүнкү күндө окуу жайдын  эмгек жамаатынын жалпы саны 150;

Анын ичинен профессордук – окутуучулар курамы- 102, алардын 21и илимдин доктору, кандидаттары;

Илим изилдөө жумуштары жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн негизги жана ажырагыс бөлүгү экендиги талашсыз. Бул багытта КГПИде эмгектенип жаткан илимпоздор Кыргызстандын түштүк-батыш чөлкөмүнүн тили, адабияты, тарыхы, экономикасы, билим берүүсү боюнча бир топ илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Окуу жайдын басып өткөн тарыхындагы 24 жыл аралыгында институттан бир илимдин доктору, 21 илимдин кандидаты чыкты.

Илимпоздор Кыргыз Республикасынын Илим жана интеллектуалдык менчик агенттиги менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Алар түрдүү илимий долбоорлор, гранттар жана илим багытындагы фонддор менен иштешип, өздөрүнүн гана илимий потенциалын көтөрүп калбай, студенттерди да бул жаатта өсүп-өнүгүүсү үчүн болгон аркетти жумшоодо.

Заман талабына ылайык, окуу жайда “Ички жана сырткы мобилдүүлүк” программасы да ишке кирген. Бул багытта өлкөбүздөгү жана чет өлкөдөгү айрым жогорку окуу жайлары менен акыркы 4 жыл аралыгында тыгыз иш алып барылууда. Студенттерибиз башка окуу жайлардын теориялык билимин тереңдетишип, алган тажрыйбасын өз курсташтары менен бөлүшүүдө.

  Көп тилдүү билим берүү учур талабы.  Азыркы заманда биздин бүтүрүүчүлөр үч тилди эркин колдоно билиши керектигин түшүнүп жетип,   “СLIL көп тилдүү” программасынын алкагында профессордук-окутуучулук курам эки жыл бою атайын курстардардан өтүп келишет.

Окуу жайдын контингентинде башка өлкөлөрдөн келген студенттер да бар.  Коңушу Өзбекстан, Тажикстан жана алыскы Туркиядан билим издеп келген студенттерге да КГПИ кучагын ачкан.

2021-жылдын жыйынтыгына ылайык, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту Кызыл-Кыя шаарындагы “Жылдын мыкты жогорку окуу жайы” наамына татыктуу деп табылды.

Күрдөөлдүү доордо эл агартуу жана илим изилдөө тармагына салым кошуп, бул багытта өнүгүүгө багыт алган Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту миссиясын ишке ашырууда арыштап кадам таштай бермекчи.